Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

КЫТАЙДЫН БАШ МЫЙЗАМЫНДА ЖЕКЕ МЕНЧИК УКУГУ КЕПИЛДЕНЕТ


Кытайда өлкө Конституциясына атуулдардын жеке менчик укугун кепилдеген өзгөртүү киргизилген жатат. Мындай кадам өлкөдө коммунисттик түзүлүш орногондон бери алгачкы ирээт жасалууда. Ал эми ушул аптада коммунисттик Кытайды негиздеген Мао Цзедундун 110 жылдык юбилейи белгиленмекчи.

Конституцияга атуулдардын жеке менчик укугун кепилдеген өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзамды өлкө парламентине Кытай Компартиясынын Борбордук Комитети сунуш кылды. Ага чейин маселе Компартиянын алкагында узакка талкууланган эле. Сунуш кылынган мыйзамда жеке менчик коомдук менчик менен теңдештирилген. Анда айтылгандай, "мыйзамдуу негизде табылган жеке менчик кол тийгис". Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү ушул дүйшөмбү күнү өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин сессиясы карай баштады. Ал эми парламенттин жалпы курамы документти келерки жылдын март айында кабыл алаары күтүлүүдө. Жеке менчик укугунан тышкаары Конституцияга ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мурдагы төрагасы Цзянь Цземиндин Компартиядагы "үч өкүлчүлүк" жөнүндөгү теориясын да киргизүү сунушталып жатат. Цзянь Цземиндин теориясы Компартиянын социалдык базасын кеңейтүү үчүн анын катарына жумушчулар менен дыйкандардан тышкаары жеке менчик ээлери – ишкерлердин кошулушун карайт. Компартиянын пикиринде, Цзянь Цземиндин теориясы да коммунисттик Кытайды түптөгөн Мао Цзедун менен экономикалык реформаларды жүргүзгөн Дян Сяопиндин идеялары менен бирге өлкөнүн турмушундагы жетектөөчү принциптерден болушу керек. Ошентип эми биз кездерде Кытайда коммунизмдин душмандары деп эсептелген, азыр өлкө экономикасындагы негизги жылдыруучу күчкө айланган ишкерлер Конституцияга жаңыдан киргизилүүчү өзгөртүүлөр аркылуу расмий статус алышмакчы жана мындай кадам коммунисттик түзүлүш орногон жарым кылымдан ашуун убакыттан бери алгачкы ирээт жасалып олтурат. Мунун максаты - мыйзамдарды өлкөдөгү реалдуулукка ылайыкташтыруу. Конституцияда жеке менчик укугунун корголбогону, турмуш көргөзгөндөй, миллиондогон кытайлардын ишкерликке аралашуусуна тоскоол боло алган жок. Алар жеке менчиктин принциптерин иш жүзүндө узактан бери колдонуп келишүүдө. Эгер өкмөт жерге ээлик кылса жана өнөр жай ишканаларынын көпчүлүгүндөгү үлүшү чоң болсо, кытайлыктардын улам саны өсүп бара жаткан ортоңку классы турак –жайларды, ишканалардын акцияларын сатып алышууда. Мындай шарттарда ишкерлер инвестициясы укуктук жактан корголушуна, үй –ээлери турак –жайы кайсыл бир күнү буздурулбашына кепилдик болушуна муктаж экени чындык. Андыктан баяндамачылардын айтымында, Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүү айрым практикалык чаралар менен коштолушу мүмкүн. Маселен Конституциянын соңунан тийиштүү мыйзамдарга кыймылсыз мүлктү, акцияларды, баалуу кагаздарды соодалоочу структуралдын түзүүлүсүн шарттаган өзгөртүүлөр киргизилишин күтүүгө болот. Бул иштер Кытайда азыр деле жүргүзүлүп жатат, бирок укуктук жактан жөнгө салынган эмес. Мындан сырткары жеке менчтиктин Конституцияда кепилдениши менен жеке ишкерлердин мамлекеттик банктардан көбүрөөк насыя алуусуна жол ачылышы мүмкүн. Кытайдын жеке сектордо тобокелчилик жогору деп эсептеген мамлекеттик банктары буга чейин мамлекеттик ишканаларга гана насыя берип келишкен. Кытайдагы бул соңку жаңылыкты комментарийлеп, айрым батыш гезиттери президент Ху Цзиньтао анын өкмөтү коомчулуктун талаптарына көбүрөөк жоп берерт деп убада кылганына карабай, Конституцияга киргизүү үчүн сунушталган өзгөртүүлөрдө бул ирээт да саясий реформалар эске алынбаганын белгилешти.

Мунун аралыгында, 26-декабрда Коммунистик Кытайдын негиздөөчүсү, "Маданий революциянын" атасы Мао Цзедундун туулганын 110 жылдыгы белгиленет. Бул датаны утурлай китептер чыгып, көргөзмөлөр менен семиналар өтүп, макалар жазылып жатат. Аларда бийликте турган жылдары жеке менчикке тыю салып, капиталисттерди " жүгүргөн иттер " деп атаган Мао Цзендун идеялары менен мурастары Кытай базар экономикасында жашап жаткан азыркы шарттарда да маанисин жоготпогону жөнүндө айтылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG