Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын бюджетин карайт


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Бюджет жана каржы комитети өлкөнүн 2004-жылдагы республикалык бюджети тууралуу мыйзам долбоорун карады. Анда мыйзам долбоорун палатанын отурумунда кароо тууралуу чечим кабыл алынды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, аталган маселе Мыйзам чыгаруу жыйынында 26-декабрда каралат. Эл өкүлдөр жыйыны 2004-жылдагы республикалык боюджеттин долбоорун 9-декабрда экинчи окууда бекиткен. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 14 млрд. 215,9 млн. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 14 млрд. 956 млн. сом болоору белгиленген.

XS
SM
MD
LG