Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

«Эркиндик» партиясы өкмөт башчынын отставкасын талап кылууда


БИШКЕК. «Кыргызстандын энергетика тармагы оор абалда турганда өкмөт башчы Николай Танаевдин «Кыргызстандын улуттук электртармактары» акционердик коомунан 102 миң долларды насыя алып, жеке кызыкчылыгына пайдаланышы мыйзамсыз. Ошондуктан президент Аскар Акаев чукул арада Николай Танаевдин аракетин Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкуулап, аны кызматтан кетириши керек». Мындай мазмундагы кайрылууну бүгүн мамлекет башчысы Аскар Акаевге «Эркиндик» партиясы жолдоду. Кайрылуу ээлери, ошондой эле, президент Аскар Акаев 1995-жылдын 28-июнунда өткөн өкмөт жыйынында «корруция 7-кабатка жетти» деп айткандан бери 7-кабаттан бир дагы кызматкер коррупция боюнча жазалана электигин белгилешкен.
Ал эми Николай Танаевдин өзү бейшемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, 102 миң доллар акчаны кредит түрүндө алып, 5 айдын ичинде 5% үстөк баасы менен кайтарып бергендигин билдирген. Ошол эле күнү «Кыргызстандын улуттук электртармактары» билдирүү таратып, Николай Танаев акчаны кредит эмес насыяга алып, 5 айда эмес 10 айда кайтаргандыгын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG