Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Бишкекте аймактагы коопсуздук талкууланат


БИШКЕК. Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери 2004-жылдын февралында Бишкекте өтө турган эларалык конференцияда талкууланат. Мындай маалыматты Центран.ру интернет-гезити таратты. Эларалык жыйын саясий изилдөөлөрдүн Европа консорциумунун алкагында өтөт. Ага аймактагы мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү, саясат таануучулар жана эларалык уюмдардын адистери катышат. Айрым талдоочулар Кыргызстанды аймактын коопсуздугун камсыздоочу өлкө катары санашат. Кыргызстанда учурда чет элдик эки аскер базасы орун алган. Алардын бири – АКШ башында турган антитеррордук коалициянын авиабазасы 2001-жылдын аягында ачылган. Ал эми Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюумунун Канттагы авиабазасы быйылкы жылдын октябрынан бери иштей баштады.

XS
SM
MD
LG