Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Аскар Акаев Ирандын президентине көңүл айтты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Иран Ислам Республикасынын президенти Мухаммад Хатамиге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Анда «Иран Ислам Республикасынын Керман провинциясындагы миңдеген адамдардын өмүрүн алган жер титирөөнү терең кайгыруу менен кабыл алдык. Буга байланыштуу өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан сизге жана зилзаладан жакындары каза болгон атуулдарга терең көңүл айтам» деп айтылган. 26-декабрь күнү Иранда таңга жуук кубаты 6,3 баллга жеткен жер титирөө болду. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда зилзаладан 40 миңдей адам каза болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG