Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Кыргызстандык байкоочулар Грузияга жол тартышты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын өкүлдөрү 4-январда Грузияда өтө турган президенттик шайлоого байкоочу катары катышууга жөнөп кетишти. Алардын катарында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ушул эле партиянын мүчөсү Мамат Момунов, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев жана Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун бар. Кыргызстандык көз карандысыз байкоочулар Грузиядагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө, анын ичинде добуштарды саноого байкоо жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк алышат.

XS
SM
MD
LG