Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Өкмөт Баткен облусун өнүктүрүү аракетинде


БИШКЕК. 2004-жылдан тартып Баткен облусунун аймагында мунай иштетүүчү заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Николай Танаев Мыйзам чыгаруу жыйынында, келерки жылдын бюджетин талкуулоо учурунда билдирди. Анын айтымында, азыр Өзбекстанга кетчү мунай түтүгүн Кыргызстандын карамагына биротоло өткөрүп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Завод болсо чет элдик инвесторлордун каражатынын эсебинен курулмакчы. Ал эми Баткен облусунун жалпы социалдык өнүгүүсү үчүн жаңы жылдан тартып 12 млн. доллар бөлүнүүдө. Каржы министри Болот Абилдаевдин билдирүүсү боюнча, быйыл бюджеттен облуска бөлүнгөн каражаттын көлөмү да былтыркыга салыштырмалуу 27 млн. 274 миң сомго көп болду. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча 2000-жылы кабыл алынган программанын ушул кезге чейин үчтөн бир бөлүгү гана ишке ашкан.

XS
SM
MD
LG