Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Ирандын президенти Мохаммад Хатами Бамдагы жер титирөөдөн 40 миңден ашуун адам мерт болгонун билдирди


Иранда өткөн жума күнкү катуу жер титирөөдөн кыйраган Бам шаарында иштеп жаткан 1 жарым миңдей эл аралык куткаруучулар негизги күчүн эми урандылар астынан адамдарды издөөгө эмес, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө жумшап жатышат. Ирандын президенти Мохаммад Хатами катуу силкинүүдөн кыйраган байыркы шаарда 40 миңден ашуун адам мерт болгонун билдирип, тарыхый жайды эки жыл ичинде кайра курууга сөз берди. Азыркы тапта үй-жайсыз калган он миңдеген бамдыктарды таза суу, тамак-аш жана жылуулук менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрели Иранга жөнөтүлгөн америкалык жардам ал жакка жакынкы күндөрү барып каларын маалымдады. Ал эми Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иран менен азыркы мамилелер эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр баштоого ыңгайлуу шарт түзө алат деп билдирди. "Вашингтон пост" гезитинде жарыяланган интервьюсунда Пауэлл Тегеран өлкөнүн өзөктүк өндүрүш жайларын эл аралык инспекторлорго текшертүүгө жана өткөн аптадагы жер титирөөдөн улам Америкадан гуманитардык жардам алууга макул болгонун чоң жылыш катары баалаган.

XS
SM
MD
LG