БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг Кыргызстан калкын бүгүн келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады. Анда элчи Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттары 2003-жылы Ооганстанды калыбына келтирүүдө, Борбор Азияда коопсуздукту бекемдөөдө жана терроризмге каршы күрөштө кызматташканын белгилеп, Кыргызстанды демократиялык жана өнүккөн өлкө катары көрүүнү каалаганын билдирген. Элчи ошондой эле, Кыргызстан калкына тынчтык, бак-таалай, береке каалаган.