Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Кыргызстандын өкүлдөрү Грузиядагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүшөт


БИШКЕК. Эртең Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана ушул эле партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мамат Момунов Грузиядагы президенттик шайлоого байкоочу катары катышуу үчүн жөнөп кетишет. Ал эми «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев менен Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун бул максатта 28-декабрда Грузияга жол тартышкан. Алар ушул күндөрү Тбилисиде президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштерине байкоо жүргүзүшүүдө. Буга чейин Орусиядагы парламеттик шайлоого да Кыргызстандын парламентинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү көз карандысыз байкоочулар катары катышкан.

XS
SM
MD
LG