Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Коммунисттик эки партия биригиши мүмкүн


БИШКЕК. Ушул ай ичинде Апсамат Масалиев башында турган Кыргызстан коммунисттер партиясынын президиумунда Клара Ажыбекованын жетекчилигиндеги Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биригүү жөнүндө кайрылуусу каралмакчы. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстан коммунисттер партиясынын президиумунун мүчөсү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев маалымдады. Анын айтымында, эки партия биригиши үчүн Клара Ажыбекова кечирим суроого тийиш.
Коммунисттик партиялардын көздөгөн максаттары бир. Бирок, алардын уставдарында айрым өзгөчөлүктөр бар. Кыргызстандын коммунисттик партиясы өткөн аптада биригүү жөнүндө арызын Кыргызстан коммунисттер партиясына жолдогон. Кыргызстандын коммунисттери экиге 1999-жылы бөлүнүп кетишкен. Анын себеби - партиянын жетекчилеринин ортосунда социализмдин принциптери боюнча пикир келишпестиктер болгон. Клара Ажыбекованын айтымында Кыргызстандын коммунисттик партиясынын катарында 8 миң адам бар. Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөлөрү 25 миңге жакын.

XS
SM
MD
LG