Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:46

ОРУСИЯЛЫК ГЕЗИТТЕР КМШНЫН КЕЛЕЧЕГИ ЖӨНҮНДӨ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Жаңы Жыл күндөрү Орусиянын басма сөз каражаттары өткөн 2003-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен жаңы 2004- жылда жүз көрүүчү негизги окуяларга карата өз божомолдорун жазышты.

«Российская газета» жума күнү буга чейин бир катар басылмалар тарабынан чыгарылган Жыл жыйынтыгын орус саясатчыларынын көз-карашында көрсөтүүгө аракет жасады.

Федералдык Кеңештин Эларалык комитетинин жетекчиси Михаил Маргелов өткөн жылы Орусиянын геосаясий алкакта жасаган аракеттерине баа берип, дүйнөнүн ири мамлекеттери жана постсоветтик жумурияттар ортосундагы карым-катнаштарында байкалган өзгөрүүлөргө кайрылат. Маргеловдун пикиринде, Орусия 2003-жылы жалпы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аймагында негизги күч экендигин даңазалап, аймактагы ички жана тышкы саясатта башкы ролду ойной тургандыгын далилдеди. «Өткөн жылдын күзүндө Грузия баштан кечирген «жибек ыңкылабы», экономикалык ийгиликтери менен айырмаланышкан төрт мамлекеттин «Эркин экономикалык мейкиндикке» киришкендиги, Кыргызстанда орусиялык авиабазанын ачылышы жана аны менен байланыштуу аскерий кызматташтыктын бекемделишинде, албетте, Орусия башкы позицияны кармады жана муну орус бийлигинин жетишкендиги деп эсептегенге болот», - деп ойлойт Маргелов. Ал эми Түркмөнстандагы орусиялык атуулдардын укугун кемсинтүү менен байланышкан окуялар, орус саясатчысынын пикиринде, Жаңы жылга да оор кесепетин тийгизүүзү ыктымал.

«Новые известия» М.Маргеловдун сөзүн четке кагып, өткөн 2003-жылды «кыйраган мамилелердин жылы» деп атады. Макала автору Мехман Гафарлынын оюнда, 2003-жылы Орусия дээрлик баардык КМШ мамлекеттери менен жакалашып чыккан. «Анын үстүнө, постсоветтик мейкиндиктеги ар бир мамлекеттин өзү үчүн да өткөн жыл жеңил болгон жок. Саясий туруксуздук, оппозициялык күчтөрдүн жанданышы жана калктын жашоо деңээлинин начарлашы бир катар мамлекеттерди олуттуу проблемаларга туш кылды», - деп бүтүм чыгарат журналист. Анын айтымында, Грузияда Эдуард Шеварнадзенин кетишине, Тузла чатагынан улам Москванын Украина менен болгон алакасынын курчушуна жана Приднестровье жаңжалын жөндөө боюнча Молдова менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз аякташына Кремль айыптуу экендигин көрсөттү; ал эми Түркмөнстанда орусиялыктардын укугун коргоодо эч кандай айла-амал таба албады.

КМШ мүчөлөрү ортосундагы ич-ара карым-катнашка кайрылган дагы бир макала «Известия» күндөлүк басылмасынан орун таап, анда Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон маек тууралуу кеп болот. Назарбаев өз сөзүндө 2003-жылы «Орусияда өткөн Казахстан жылы» жылпысынан пайдалуу болгондугун белгиледи. «Анткени постсоветтик жумурияттар ортосунда адатта түзүлүп келген мамиле борбор шаарлардын чегинен чыкчу эмес. Ал эми бул жолу биз региондор ортосунда кызматташуу күчөшүнө өзгөчө көңүл бурдук», - дейт Казахстан мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев.

Орусияга жумуш издеп келишкен эмгек мигранттарын каттоо тартиби дагы жаңы эрежелер менен өзгөртүлгөндүгү тууралуу «Вести.ру» интернет басылмасы жазды. Басылманын кабарлашынча, 2004-жылдан тарта Орусияда эмгектенишкен чет өлкөлүк мигранттар буга чейинки миграциялык күбөлүктөрүн пластикалык карточкалар менен алмаштыруулары зарыл. Аталган карточкада мигрант тууралуу тийиштүү маалымат сакталат. Өз мезгилинде күбөлүктү алууга үлгүрүшпөгөндөргө алгач акчалай айып салынса, кийинчерээк өлкөдөн чыгарылуусу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG