Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Иракта франциялык эки атуул набыт болду


Кошмо Штаттарынын аскерий жетекчилиги Багдаддын батышындагы Фаллужа шаарчасында америкалык компанияда иштеген франциялык эки атуул өлтүрүлгөнүн шейшемби күнү билдирди.
Шаардын башка бөлүгүндөгү кол салууда бир француз жараны ок тийип жарадар болгон.
Генерал-майор Чарлз Суаннактын билдиришинче, франциялык эки жарандын бирөөсүнүн машинеси түн ичинде кан жолдо бузулуп, аны оңдогону токтоп турушканда, аларды белгисиз бирөөлөр атып кеткен.
Бирок, Суаннактын сөзүнчө, коалициялык күчтөргө кол салуулар акыркы айда азайган:
- Биз ийгиликке акырындап жакындап баратабыз: бардык америкалык күчтөргө каршы кол салуулар өткөн айда дээрлик 60 процентке азайды.
Шейшемби күнү Басра шаарында мурда куралдарын тапшырган ирактык аскерлер маянасын төлөп берүүнү талап кылышып, Ирак полициясын таш бараңга алганда, полиция аткан октон бир адам өлдү, үч адам жарадар болду.
Ушул эле күнү АКШлык аскерлер машыктырган ирактык 700дөй жоокер Ирак улуттук армиясынын катарына кошулду.

XS
SM
MD
LG