Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

ИТАЛИЯ: “ПАРМАЛАТТЫН” КАРЖЫЛЫК ЧАТАГЫ


Италиянын эң ири компанияларынын бири – “Пармалаттын” айланасындагы чуулгандуу окуяны териштирүү уланып жатат. Бул аферага дүйнөнүн бир катар чоң банктары менен фирмаларынын дагы тиешеси бар деген шектенүүлөр пайда болууда. Америкалык тергөөчүлөр “Пармалат” иши тарыхтагы эң ири финансылык көз бойомолоочулук болуп калышы ажеп эмес дешүүдө.

2001-жылдын күзүндө АКШда чыккан бир нече каржылык жаңжал жергиликтүү экономикага жана инвесторлордун ишенимине бир топ доо кетирген эле. Жаңжал оту корпоративдик башкаруудагы “Энрон” компаниясынын бурмалоолору ачыкка чыгып калганда тутанган. Ошондо эски континенттин кээ бир ишкерлери Европада мындай чуулгандуу окуя болушу мүмкүн эмес дешкен эле.

Эми болсо бир нече апта мурун эле Италияда гана эмес, дүйнөдөгү эң бай жана таанымал компаниялардын бири болуп эсептелген “Пармалат” өзүн банкрот деп жарыялады. Ал эми фирманы улуттук корпорация деңгээлине алып чыккан анын негиздөөчүсү жана президенти Калисто Танци башка бир бир катар жетекчилер менен кошо абакта отурат.

Азык-түлүк продукциясын чыгаруу менен алектенген фирма өткөн декабрда Кайман аралдарындагы бөлүмүнө тиешелүү делинген 5 миллиард долларга чукул каражат кагаз жүзүндө эле бар деген фактыны мойунга алган эле. “Америка Банкы” болсо ошол акчанын бар болгонун тастыктаган документтер жасалма болуп чыкканын ырастады. Кыска мөөнөттүн ичинде фирманын акцияларынын наркы төмөндөп, көп узабай алар биржалардан алынып салды. 27-декабрда “Пармалат” өзүн банкрот деп жарыялоого аргасыз болду.
Арийне, италиялык тергөөчүлөр компаниянын орду жок каражатынын көлөмү 13 миллиард долларга жетиши мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Ишти иликтөөгө АКШнын Коопсуздук жана алмашуу комиссиясынын адистери да тартылды. Америкалык инвесторлор “Пармалатка” баалуу кагаз түрүндө бир жарым миллиард доллардан ашуун каражат салышкан.
Комиссиянын басма сөз өкүлү Жон Нестер фирма каржылык бурмалоолор үчүн айыпталып жатканын айтат:

- Комиссия Нью-Йорктун түштүк чөлкөмүнүн соту аркылуу “Пармалатты” тарыхтагы эң ири жана эң уятсыз финансылык көз бойомоочулук үчүн сотко берди.

Компаниянын жетекчиси Калисто Танци “Пармалаттын” казынасынан 500 миллион еврону үй-бүлөлүк башка бизнеске жумшаганын мойнуна алды. Бирок тергөөчүлөрдүн жоромолунда, “солго жумшалган акча” бул суммадан алда канча көбүрөөк – ал 800 миллионго чукул болушу ыктымал.

Ройтерс кабар агенттигинин Рим бюросунун жетекчиси Криспиан Балмердин айтымында, тергөөчүлөр компаниянын дайны табылбай жаткан акчасы эч качан болгон эмес деген ойго көбүрөөк ык коюп жатышат:

- Ушундай ишти жасоого кантип жетишти, таң калам. “Энрон” чатагында татаал, өтө кыйды уюштурулган көз бойомоочулукка күбө болгонбуз. Бул жерде болсо “Америка Банкына” сканнердин жардамы менен жасалган документти жиберип, каржылык коомчулукту жылдар бою алдап келишти.

“Пармалаттын” чатагы жергиликтүү тургундар үчүн да чоң сокку болду. Компаниянын иш каналарында дүйнө жүзү боюнча 30 миңдей киши, Парма шаарынын өзүндө болсо 5 миңге жакын киши иштечү. Байыркы калаанын сыймыгы болгон “Парма” футбол командасынын тагдыры да эми белгисиз. Себеби, эки ирет УЕФА, бир жолу Чемпиондор Кубогун жеңип алган клуб банкрот болуп калган компанияга таандык эле.

Парманын жашоочусу Фабрицио Раймонди соңку окуялардан улам калк дендароо абалында калганын айтат:

- Шаар үчүн бул чоң сокку болду. Анткени Танци үй-бүлөсү калаанын өнүгүүсүнө, аны дүйнөгө таанытууга чоң салым кошуп келген. Кыскасы, биз үчүн биринчи реакция дендароо, ишенбөөчүлүк болду. Албетте, шаардын миңдеген жашоочусун иш менен камсыздап туруучу фирма үчүн абдан өкүнүчтүүбүз.

Анын аралыгында, тергөө иши улантылып жатат. Италиянын “Коррьере делла Сера” басылмасы 7-январь күнкү санында жазганына караганда, “Пармалаттын” мурунку финансылык директору Фаусто Тонно 12 саатка созулган сурак учурунда жаңы маалымат берди. Суроолорго жооп берип жатып, Тонно ал компаниянын президенти Танцинин буйруктарын аткарып келгенин баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG