Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Белгилүү саясатчылар АКШга чакырылышты


БИШКЕК. Ушул жылдын 1-мартынан 15-мартына чейин Кыргызстандагы айрым белгилүү саясатчылардын АКШга барышы күтүлүүдө. Алар: Жогорку Кеңештин депутаты, өлкөнүн экс-премьер-министри Курманбек Бакиев, республиканын мурдагы Тышкы иштер министри, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» «Акыйкат жана прогресс» партиясынан маалымдашты. Саясатчыларды АКШнын мамлекеттик департаменти чакырган. Сапар учурунда Кыргызстандагы партиялык системаны өнүктүрүү, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду акыйкат өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG