Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

«Жаштар» партиясы өлүм жазасын колдонууга каршы


БИШКЕК. «Кыргызстандын жаштар партиясы» өлүм жазасын алып салуу боюнча өзгөртүүнү Конституцияга киргизүүнү сунуштаган кайрылууну президент Аскар Акаевге жолдомокчу. Бул тууралуу бүгүн аталган партиянын жетекчиси Айдар Бакыев «Азаттыкка» билдирди. Айдар Бакыевдин пикиринде, Кыргызстан демократиялык мамлекет катары адамдын атуулдук жана саясий укуктары тууралуу эларалык пактка кошулган. Ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык баштаган бир катар эларалык уюмдардын мүчөсү. «Андыктан, Кыргызстан өлүм жазасын колдонууну биротоло токтотушу керек» дейт Айдар Бакыев.
Өткөн жылдын аягында президент Аскар Акаев өлүм жазасын колдонууга мораторийди дагы бир жылга узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга соңку 5 жылдан бери тыюу салынып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстандын абактарында учурда өлүм жазасын алган 140ка жакын адам бар.

XS
SM
MD
LG