Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Швециянын тышкы иштер министрин өлтүргөн киши кылмышын мойнуна алды


СТОКГОЛЬМ. Швециянын тышкы иштер министри Анна Линдти өлтүргөн деп шектелген Мижайло Мижайлович жасаган кылмышын мойнуна алды. Бул жөнүндө кылмышкердин адвокаты билдирет. Анна Линдти өткөн сентябрда Стокгольмдун дүкөндөрүнүн биринде жүргөн кезде кылмышкер бычактап кеткен болчу. Өлкөнүн башкы прокурорунун айтымында, Мижайловичтин күнөөсүн ДНК анализдери да бышыктаган. Швециянын теги серб атуулу Мижайловичтин соту бир айдын ичинде болмокчу.

XS
SM
MD
LG