Бул тууралуу Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл билдирди. Израил өкмөтү былтыр палестиндер менен кагылышууларда өлгөн жөөттөрдүн саны андан мурунку жылга караганда 30% азайганын маалымдап, аны согушкерлерге каршы операциялардын оң натыйжасы катары сыпаттады. Бирок ошону менен катар бейшембиде Израил аскерлери эки башка жерде эки палестинди атып өлтүргөнү кабарланды.