Боснияда тартип коргогон НАТОнун бейпилдик аскерлери бүгүн Сарай-Босна калаасынын алдындагы Пале шаарын курчап-тинтип, аскерий кылмышкер деп таанылган Радован Каражичти издөөгө салды, бирок анын кармалган-кармалбаганы тууралуу азырынча маалымат жок. 1992-1995-жылдардагы ич-ара согуш учурунда Каражич Босниянын ичинде серб жумуриятын түзүп, өзүн президент деп жарыялаган жана көптөгөн мусулманды өлтүрүүгө буйрук берген деп күнөөлөнүүдө.