Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

ДАГЫ БИР РЕФЕРЕНДУМ КИМГЕ ЗАРЫЛ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан жаштар партиясы быйыл март айында өлкөдө жалпы элдик референдум өткөрүүнү сунуш кылууда. Аталган партиянын өкүлдөрүнүн көз карашында, референдумга президент Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу, парламенттик шайлоого пропорционалдык ыкманы киргизүү жана өлкөдө өлүм жазасын алып салуу маселелери коюлушу керек экен.

Кыргызстан жаштар партиясынын төрагасы Айдар Бакыев «Азаттыкка» бул маселе тууралуу мындай деди:

- Парламенттик шайлоого бир жылга жакын убакыт калды. Ошондуктан биз март айында жалпы элдик референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Биздин пикирибизде, Кыргызстанда парламенттик шайлоо пропорционалдык-мажоритардык системанын негизинде өтүшү керек. Парламентте оппозициялык да, бийликке ылым санаган да партиялардын өкүлдөрү болушу зарыл. Анын үстүнө азыр республикада партияларды кайра жандандыруу процесстери жүрүп жатат.

Айдар Бакыевдин айтымында, болочок парламенттеги 75 депутаттын 25и партиялык тизме боюнча шайланууга тийиш.

“Келерки парламенттик шайлоо пропорционалдык–мажоритардык системанын негизинде өтүшү керек” деген пикирлер буга чейин да айрым саясий партиялар тарабынан айтылып келген. Бул маселе боюнча депутаттар кол чогултуп, “Башмыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилсин” деген сунуш менен Конституциялык Сотко да кайрылышкан. Алар болочок парламенттеги депутаттардын санын дагы 30 адамга көбөйтүүнү жана аларды партиялык тизме менен шайлоону сунушташкан. Азырынча Конституциялык Сот парламенттин мындай сунушун карай элек.

Айрым саясатчылар «мыйзамда жазылгандай, референдумда кабыл алынган чечимдер референдум аркылуу гана жокко чыгарылышы керек» дешет. Айрым оппозициялык маанайдагы депутаттар болсо “мындай сунуш ишке ашырылышы ажеп эмес” деген пикирлерин айтышууда. Бирок аларды кооптонткон жагдай – “пропорционалдык ыкма тууралуу Конституцияга алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча парламенттин эмес, бийликтин варианты өтүп кетет” деген маселе.

Кыргызстан жаштар партиясы ошону менен катар референдумга Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2010-жылдын февралына чейин узартуу жөнүндө маселе киргизүүнү да сунуш кылып жатат. Мындай демилгелер буга чейин да көтөрүлгөн. Ал эми жакында болсо Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети «Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катыша алат» деген бүтүмүн чыгарды. Айрым талдоочулардын көз карашында, Кыргызстан жаштар партиясынын президенттин мөөнөтүн узартуу тууралуу демилгеси бийликтин көрсөтмөсү менен көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай ойлорун ортого салды:

- Биз көнүп калдык. Мындай сунуштун артында «Ак Үй» турат. Жаштар партиясы сунуштаган 3 маселенин арасында эң башкысы- президенттик мөөнөттү узартуу. Үч маселе бир коюлат – “пропорционалдык ыкманын негизинде шайлоону өткөрүүнү жана өлүм жазасын алып салууну колдоо менен эл президенттин мөөнөтү боюнча маселени да колдойт” деген бийликтин болжолу бар. Бул элди алдоо болуп эсептелет. Менин пикиримде, бул ишке ашпайт.

Ал эми айрым саясий партиялар “Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартыш керек” деген көз карашты колдошот. «Жаңы күч» партиясынын төрайымы Токон Шайлиеванын пикирин уксак, мындай дейт:

- Чындыгын айтканда, азыр өлкөдө абал туруктуу. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде абал жакшы. Ошондуктан Аскар Акаевди дагы ордунда калтырыш керек.

Ал эми Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартууга каршы экендигин айтат:

- Конституция сакталышы үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Кыргызстанда да бийлик алмашышы керек. Биз Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө калышына эч кандай мүмкүнчүлүк бербегенге аракеттенебиз. Аскар Акаевден башка да президенттикке татыктуу кыргыз уулдары бар.

Кыргызстан жаштар партиясы тарабынан рефендумда элдин добушуна сунушталып жаткан дагы бир маселе - өлкөдө өлүм жазасын колдонууну биротоло токтотуу. Кыргызстанда соңку 5 жылдан бери өлүм жазасын жүзөгө ашырууга мораторий жарыяланып келет. Өлүм жазасын колдонууну таптакыр токтотуу боюнча да коомчулукта карама-каршы пикирлер арбын.

XS
SM
MD
LG