Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

ЫЙМАН САБАГЫН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР


Жазгул Жамангулова, Алтынбек Исмаилов, Бишкек 2003-жылдын 30-июлунда Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан орто мектептерге ыйман сабагын киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок, ыйман сабагын өтүүдө адабияттарды колдонуу жаатында ар түрдүү көз караштар бар. «Ушул убакка чейин талапка толук жооп бере турган адабияттардын ирээттелбегенинен улам ыйман сабагы окуучуларга жеткиликтүү окутулбай жатат» дешет айрым талдоочулар.

Билим берүү жана маданият министрлигинин уруксаты менен ыйман сабагын окутуу планы түзүлүп, мектептерге берилген. Ал планда “Адеп”, “Мурас”, “Адам”, “Үй бүлө”, “Эл таануу”, “Маданият” деген алты багыт окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүштүрүлгөн. “Ыйманды шарыят жолу менен окутуш керек” дегендер да бар, бирок ага кээ бир ата-энелер, мугалимдер каршы болушууда. Алардын көз карашында, кыргыздын эзелтен келаткан маданиятын, элдик педагогикасын ыйман сабагына киргизүү ылайыктуу. Бирок, бүгүнкү күнү талапка жооп бере турган адабияттар, колдонмолор басмадан чыга элек. Андыктан ыйман сабагынын өтүлүшү аны окуткан мугалимдин деңгээлине байланыштуу болууда.

Бул сабак алгач Талас облусундагы мектептерге мындан 12-13 жыл мурда Талас облусунун ошондогу жетекчиси Дастан Сарыгуловдун демилгеси менен киргизилген. Ал эми жалпы республиканын мектептерине 2003–жылы гана сунушталды. Учурда бул сабактын айланасында талаштуу маселелер арбын. Ошол себептүү алгач мугалимдерге кайрылып, мектептерде бул сабак кандай өтүлүп жатканын сураганыбызда Жеңишбек Кызалаков төмөндөгүлөргө токтолду:

- Бул программа мектептерге сентябрдан баштап кирди. Биз үчүн ыйман сабагын өтүүгө мугалимдерди табыш абдан кыйын болду. Азыркы күнгө чейин бул маселени чече албай келатабыз. Себеби, биз алгач дин багытына жакындаштырып, Ислам институтун бүтүргөн баланы жумушка алганбыз. Ал куран, намазга үйрөтүп, программадан алыстап кетти. Андыктан ал жигитти иштен кайра бошотууга туура келди.

Бул көз карашка каршы айтылган, борбордук мечиттин баш имамы Абдыманап Каары Масалиевдин пикири:

- Азыр мектерде ыймандан эч түшүнүгү жок адамдар сабак өтүшүүдө. Ыйман сабагын негизинен дин багытындагы адамдар бериши керек.

Ыйман сабагынын негизги өзөгү кыргыздын каада-салтынан, үрп-адатынан, элдик маданиятынан, педагогикасынан алынган.

- Биз жалпысынан окуучулардын эркин ойлонуусун жөнгө салып, улутту тааныталы дейбиз, - деп сөз баштады ыйман сабагынын программасын түзүүчүлөрдүн бири Сабыр Иптаров. - Ыйман сабагынын өтүлүшүндө негизги үч көйгөй болуп жатат. Биринчиси - мугалимдерди окуу-нормативдик материалдар менен камсыз кылуу. Экинчиси - албетте, бул сабакты окутуучу мугалимдердин жоктугу. Ал эми үчүнчүсү - коомчулуктун арасында ар кандай пикирлер айтылып, талаш-тартыштуу маселелер көп болгондуктан, коомдук кеңеш түзүш керек болуп турат. Алардын арасында илимпоздор, методисттер, мугалимдер жана ошол эле дин адамдары да болсо.
XS
SM
MD
LG