Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Чукулку чет өлкөлөр. Чын эле Борборазияда стабилдүүлүк барбы? Казакстандык спутник. Орусияда басма сөз күнүн белгилөө


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык басма сөз беттерине жарыяланган макалалардан сиздер чукулку чет өлкөлөр менен Орусиянын алакасы, чын эле Борборазияда ырааттуулук барбы, Казакстандык спутник, Орусияда басма сөз күнүнүн белгилениши жана башка темаларда ар кыл маалымат-кабарлар менен тааныша аласыздар.

Бүгүн (14-январда) «Литературная газета» Сергей Громовдун Орто Азия мамлекеттери менен Орусиянын алакасын иликтеген макаласын басты. Анын сурамжылоосуна КМШ өлкөлөр Институтунун директору, Мамдуманын депутаты Константин Затулин жооп берген. Анын пикири боюнча, «Америкалыктардын Орто Азияга маданий сүңгүү аракети Орусиянын ал регион үчүн эрегешүүсүн жаратууда». Андан ары автор: “Азыркы тапта ортоазиялык жумурияттардагы режимдерге таасир этүү күрөшү күч алууда. Ал аймакта, кай жагынан алба, анча маанилүү эмес мамлекет болгон Кыргызстанда чукулда сыноо өтөт. Андай сыноо жогорку бийликти шайлоо маалында болот. Бирок Кыргызстанда бийлик ээси үчүн өз кызмат ордун тукумуна калтырууга Азербайжандагыдай жана кошуналары Өзбекстан менен Казакстандагыдай, же Түркмөнстандагыдай шарт бар экени шек санатат», - деп айткан. Мамдуманын депутаты өзүнүн тыянагын чыгарып, Орусия борборазиялык чөлкөмдө “алыстан көз чаптырып турган жат кишиге окшоп калды” деп жазат.

14 январда «Российские вести» Алик Назаровдун Борбордук Азиядагы ырааттуулук туурасында макаласын баскан. «Бир караганга, бул аймакта ырааттуулук өкүм сүрүп аткансыганы менен, ири өлкөлөр - Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда кең масштабдуу кагылыш башталуучуудай», - деп жазат автор. Анын пикирине караганда, Советтер Бирдиги урагандан кийин аймакта пайда болгон өлкөлөрдүн ички саясий кыйынчылыктарынан тышкары, аймакта «Назарбаевдин жолу» жана “Каримовдун жолу» сыяктуу эки багыт калыптанды.

Автордун жазганына караганда, «Борбордук Азияда пайда болгон геосаясий жагдай Ташкендин ал региондо башкы ролду ойноочу мамлекетке айланып баратышынан кабар берет. Ал өз кошуналарына «этностук» жана тышкы саясий күчтүн жардамы менен таасир этээри көрүнүп турат. Астанада мындай мүмкүнчүлүк жок. Бирок региондогу өзбектик көзөмөлдөн корккон өлкөлөрдүн мындай абалынан пайдаланып, Нурсултан Назарбаев кошуналарын «коргогон кишинин» ролун ойноп калышы мүмкүн», - деп жазат автор.

13-январда Орусия басма сөз күнүн белгиледи. Ал майрам 1702-жылы 13-декабрдагы Петр Биринчинин жардыгы менен «Куранты» гезитинин туңгуч санынын чыкканына байланыштуу белгиленип келе жатат.

Азыркы тапта, Орусиянын басма сөз министирлигинин эсебине караганда, өлкөдө дээрлик 41 миңдей аталышта ар кыл гезит-журнал чыгат.

13-январда «Новые Известия» гезити жарыялаган Алексей Симоновдун макаласында: «Азыр - Орусия басма сөзүндө өзүн-өзү цензурага алуу өкүм сүргөн кез», - деген сын камтылган.

14-январда «Военно-промышленный курьер» басылмасы Казакстан кийинки жылы космоско өз жасалма жандоочусун (спутнигин) учура тургандыгын жазып чыкты. Өткөн аптада Астанада орусиялык–казакстандык бийик тараптар кол коюшкан келишимдер менен макулдашуулардын бири - орусиялык М.В.Хруничев атындагы космосту изилдөө илимий борборунун Казакстанга жасалма жандоочу жасап берүүсү тууралуу келишим. «Аны орбитага учуруу Байкоңурда 2005-жылы жүзөгө ашырылат», - деп жазат гезит.
XS
SM
MD
LG