Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Орусиянын премьер-министри Мамлекеттик думанын биринчи сессиясына катышты


Орусиянын премьер-министри Михаил Касьянов бүгүн жаңы шайланган Мамлекеттик думанын сессиясында чыгып сүйлөдү. Анын айтымында, өлкө экономикасы өсүп, улуттук акча рубл бекемделүүдө жана он жыл ичинде Орусиянын дүң өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүү мүмкүн. Анткен менен өлкөнүн 145 миллион калкынын 28 миллиону азыр жакырчылыкта жашайт. Думадагы 450 орундун үч жүздөн ашыгын өкмөттүк "Бирдиктүү Россия" блогу ээлейт жана Думанын бардык комитеттеринин башчылыгына ушул блоктун өкүлдөрү шайланды.

XS
SM
MD
LG