Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Тыңшоочу аппараттардын маселесин иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 14-15-январда депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттардын айланасындагы ишти териштирүү үчүн депутаттык комиссия түздү. Аны депутат Кубатбек Байболов жетектемей болду. Мындай чечим окуяга байланыштуу эки күндөн бери жүрүп жаткан кезексиз талкуунун акырында чыгарылды. Токтомдо тыңшоочу аппараттардын орнотулушу Конституциянын 16-беренесинин 5-6-бөлүмчөлөрүн одоно бузгандыгы белгиленди. Парламенттик отурумга бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, Коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов, Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков катышты. Депутаттар Исмаил Исаковдун, Ишенбай Кадырбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппараттардын жашыруун коюлгандыгы 14-январда белгилүү болгон. Ал эми бейшемби күнү ушундай эле аппараттар депутаттар Адахан Мадумаров менен Дооронбек Садырбаевдин да иш бөлмөлөрүнөн табылган.

XS
SM
MD
LG