Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

ЕврАзБинин интеграция комитетинин отуруму Москвада өткөнү турат


БИШКЕК. Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕврАзБи) Интеграциялык комитетинин кезектеги отуруму 22-январда Москвада өтөөрү күтүлүүдө. Отурумда ЕврАзБинин мамлекет аралык программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселеси талкууланат. Мындан тышкары, биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына киргизип, чыгарууга тыюу салынган (чектелген) товарлардын тизмеси, убактылуу иштеген атуулдар жөнүндөгү, малга, эт, сүт жана башка азыктарга ветеринардык талаптар жөнүндө макулдашуулардын долбоорлору талкууланат. Жыйында чегара саясатына, энергетика, транспорт тармактарына тиешелүү маселелер да каралмакчы. Кыргызстандан бул отурумга вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов баштаган делегация катышат. Бул тууралуу маалымат бүгүн кыргыз өкмөтүнүн тышкы саясат бөлүмүнөн алынды.

XS
SM
MD
LG