Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Феликс Кулов «тыңшагыч аппараттарды Улуттук коопсуздук кызматы койду» деген пикирлерге кошулбай турганын билдирди


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын башчысы, камакта жаткан Феликс Кулов парламенттеги айрым кызмат бөлмөлөрүнө жашыруун коюлган тыңшоочу аппараттарга карата өз пикирин билдирди. Бул тууралуу партиянын төрага орун басары Эмил Алиев маалымдады. Феликс Куловдун ою боюнча, оппозициялык саясатчылардын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппараттарды “Ак Үйгө» ыктаган адамдар коюшу ыктымал. «Себеби, парламентке оперативдик техникалык каражаттарды киргизүүгө мурда тыюу салынчу, азыр деле ошондой болушу керек», дейт мурдагы Улуттук коопсуздук министри. Бул жагынан Ф. Кулов аппараттарга тиешеси жоктугу жөнүндөгү Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкуловдун пикирин кубаттайт. Тыңшоочу аппараттар өкмөттүк телефон байланышына кошулгандыгын иликтөө комиссиясынын мүчөсү депутат Алымбай Султанов билдирген. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов парламентке тыңшоочу аппараттарды орнотууга өкмөттүн кызыкчылыгы жоктугун айткан. 14-15-январда парламенттин оппозициялык маанайдагы 6 депутатынын иш бөлмөсүнөн үн тыңшоочу аппараттар табылган.

XS
SM
MD
LG