Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Багдаддагы жардыруудан мерт болгондордун саны 23кө жетти


Бүгүн Багдадда болгон жардыруудан кеминде 23 киши курман болду. Маалымат агенттиктери жарадар болгондордүн саны 60ка чукулдаганын кабарлашууда. АКШ армиясынын өкүлү, полковник Ралф Бэйкердин ырастоосунда, коалиция ээлеген имараттын алдында турган “Тойота” автомобилинин ичине 450 килограммдык бомба коюлган.
Америкалык генерал Марк Киммит бүгүн Багдадда өткөн басма сөз жыйынында мындай деп маалымдады:
- Өлгөндөрдүн арасында америкалык жарандар бар деп жоромолдоого негиз бар. Азырынча алар экөө деп айта алам, бирок биз толук маалыматты күтүп жатабыз. Өлгөндөрдүн улутун, аты-жөнүн аныктоо кыйын экени айтпасам да белгилүү. Аларды аныктоо иши уланып жатат.

XS
SM
MD
LG