Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Пакистандын президенти Первез Мушарраф Түркиядагы расмий иш сапарын улантууда


Ал бүгүн Стамбулда түркиялык ишкерлердин өкүлдөрү менен жолугушту. Кечээ Пакистан менен Түркиянын ортосунда эл аралык террорчулукка жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Андан тышкары банк, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча документтерге да кол коюлду. Мушарраф түрк парламентинде сөз сүйлөп, Батыш өлкөлөрү менен ислам дүйнөсүнүн ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн күч алып бараткандыгын эскертти. Мушарраф Түркияны Батыш менен мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда көпүрө катары роль ойноп жаткандыгы үчүн мактады. Ал ошондой эле диний экстремизмди четке кагып, мусулмандарды социалдык жана экономикалык өнүгүүгө көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG