Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

УНУТКАРЫЛГАН ЖОЛ БАШЧЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Владимир Лениндин өлгөнүнө 80 жыл толду. Орусияда Ленинди “бардык кездеги бүткүл элдер көсөмү” деген түшүнүк акырындап жокко чыга баштаганын анализ жүргүзүүчүлөр тастыкташууда. Анын идеологиясы “миллиондогон советтик атуулдардын бир нече муунун жакырчылыкка дуушар кылган” дегендер көбөйдү, бирок аны “улуу көсөм болгон” деп айткандарды азыр деле четтен табууга болот.

Ленин өз доорундагы Орусияда гана эмес, батышта да аты кеңири таанымал дараметтүү, билимдүү Луначарский, Троцкий, Плеханов сыяктуу партиялаштарын артта калтырып бийликке келген. Ушунун өзү анын болуп көрбөгөндөй шылуун, чыгаан жан болгонунан кабар берет. Ал чындап эле жер жүзүндө пролетардык бийлик орнойт деп ишенген дешет.

Азыркы тушта аны бирөөлөр “чыныгы жол башчы болгон” десе, бирөөлөр “нагыз зулум болгон” дейт. Бирөөлөр “кудайдан жөө качкан атеист” десе, башкалары “унутулуп бараткан мумия баатыр” дешет.

Маскөөнүн көчөлөрүндө жүргөн жаштардын бири Ленинди мындайча эскерет:

- Революция тушунда, менимче, ал шпион болгон. Сталиндин башкы жоосу болгон. Так билбеймин.

Советтик кезди башынан өткөргөн курактагылардын өкүлүнүн пикири башкача чыкты:

- Ал кезде Орусияда акыл-эстүү, сабаттуу кишилер көп болгон. Ал ошолордун баарын кырдырган. Эгерде, ал андай кыргын салбаганда, азыр биздин жашоо тиричилигибиз кыйла өйдө болмок.

Албетте, улуттук маселеде анын идеологиясы падышалык Орусия маалындагы расмий саясатка салыштырганда алдыңкы көз карашта болгон. Маселен, бир катар кыргызстандыктардын оюнча, падышалык Орусиянын 1916-жылы улуттук боштондук күрөшкө чыккан кыргыздарга салган бүлүгү - чыныгы тукум курут саясат (геноцид) болгон. Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн советтик кезде, башкача айтканда, Лениндин идеологиясынын аркасы тийип жүргүзүлгөн социалдык саясат мурдагы доорго салыштырмалуу прогрессивдүү кадам болгон. Агартуу жана маданият маселесинде, саламаттыкты сактоодо, социалдык жактан ар кимге курсагы тойгудай көмөч берген саясат да элге жаккан.

Совет бийлиги туурасында Ленин айткан аныктамалардан бир өрнөктү эскере кетели:

- Советтик бийлиги - бул эмгекчилер массасы социализмге карай бараткан жолду тапты дегендик. Ошондуктан ал - туура, ошондуктан ал - жеңилбес жол!

Орусиялык анализчилердин баамында, ушул кездерге чейин Кремлдин бир ыптасындагы мавзолейде сакталып келген Лениндин сөөгүн жерге коюу иши жакында жүзөгө ашырылышы ыктымал.

Ал эми былтыр августта Кыргызстандын ордо шаарындагы “Ала Тоо” аянтындагы Лениндин эстелигин башка аянтка көчүрүү үчүн ордунан жылдырган чакта, коомчулукта нааразылык иш-чарасы да уюштурулду. Ошондо аянтка келип, эстеликти коргоого алууга далаалаттангандар совет доорун башынан өткөргөн муундун, жергиликтүү коммунисттердин өкүлдөрү гана болду.

XS
SM
MD
LG