Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Мамлекет башчы Баткен обласына иш сапары менен барды


БАТКЕН. Президент Аскар Акаев иш сапарын облус борборундагы "Манас" тарыхый-маданий комплексинин алдына курулуп жаткан эс алуу багына арча көчөтүн отургузуу менен баштады. Андан ары Баткен районундагы Карабак айыл өкмөтүндө болуп, кышкы сугат, жазга даярдык иштеринин жүрүшү жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен оңдолгон сүрөт үйдүн абалы менен таанышты. Андан соң облустук кызматкерлер жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчы өз сөзүндө өткөн жыл Кыргызстан үчүн “эң өзгөчөлөнгөн ырыскылуу жыл” болгонун белгиледи. Ал эми 2004–жыл – “социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы” болоорун эскертип, коомчулукту келээрки жылда болчу шайлоолорду унутуп, жалаң эмгек менен алектенүүгө чакырды. Мындан сырткары Баткен облусун көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулуп жаткан Алай - Баткен линиясы Сүлүктүгө чейин жетээрин, Ош - Исфана жолу оңдолоорун маалымдады. Облустагы 5 айылга инвестициялык сертификат тапшырды. Ал эми жыйында сүйлөгөн айрым атуулдар Аскар Акаевдин бийликте узак мөөнөт туруусу жөнүндө каалоо пикирлерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG