Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Первез Мушарраф өзөктүк технология менен соода кылган аткезчилердин дарегин айтты


Дүйнөдө өзөктүк технология менен жашыруун соода кылган аткезчилер бар деп билдирди Пакистандын президенти Первез Мушарраф. Ал “Вашингтон Пост” гезитине берген маегинде өзөктүк куралдуу болууну каалаган өлкөлөрдү зарыл технология менен камсыздаган аткезчилердин көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнүн жарандары деди.
Пакистан бийликтери азыр өлкөдө биринчи атомдук бомбаны жасоого катышкан көрүнүктүү илимпоздор Ливияга жана Иранга ядролук технологияга байланыштуу жашыруун маалыматтарды берди деген кабарды иликтөөдө. Бул иш боюнча сегиз илимпоз суракка алынган.

XS
SM
MD
LG