Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

Колин Пауэлл: Вашингтондун Грузияда аскерий база жайгаштыруу планы жок


АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн Россиянын Президенти Владимир Путин, Тышкы иштер министри Игорь Иванов жана Коргоо министри Сергей Иванов менен жолугушат.
Москвада болчу кездешүүдө, Кремлдин өкүлү Сергей Приходьконун билдиришинче, Ирактагы, Ирандагы, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана россиялык-америкалык байланыштар талкууланат.
Колин Пауэлл Москвага Тбилисиден учуп келди. Ал жекшемби күнү Тбилисиде жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттарда Грузияда аскер жайгаштыруу планы жок экенин эскертти:

- Биз Грузияда жасачу иштер оболу эки өлкө ортосунда талкууланат. Бизде Грузия жеринде аскерий база жайгаштыруу ниетибиз жок жана бул тууралуу жаңылыш сөздөр айтылып жүргөнүн укканбыз.

Пауэллдин сөзүнө караганда, америкалык адистердин Грузиянын коопсуздук күчтөрүн машыктыруусу жана аларды тийиштүү техника менен жабдуу май айында токтотулат.
Пауэлл ошондой эле Москваны өз милдеттенмесин аткарып, Грузиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG