Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: МАС БОЛГОН ПИЛДЕР. ЖАПОНИЯЛЫК РОБИНЗОН КРУЗО. 92 ЖАШТАГЫ КАРАКЧЫ.


Эми “Кызыктуулар дүйнөсүнө” чакырабыз. Бул ирет сыраны жакшы көргөн пилдер, 92 жаштагы каракчы, 21-кылымдын Робинзону жөнүндө кабарда боло аласыздар.

Лондон, Париж, Прага. Миллиондогон туристтер агылган жайлардын катарына Ирактын Адвар деген кыштагы кошулабы?
Дал ошол Адварда өткөн декабрда дээрлик сегиз айлык саяттын натыйжасында америкалык аскерлер Ирактын мурдагы президенти жашырынып жүргөн жертөлөнү табышкан эле. АКШ армиясынын өкүлү эми ошол жертөлө туристтик жайга айланып кетпеши үчүн, жок кылынышы ыктымал дейт. Анткени аскерий операциялар улантылып жаткан аймакка эл агылып, аскерлерге жолтоо болууда.
Майор Жослин Аберленин ырастоосунда, акыркы чечим америкалык командачылык менен Ирактын башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынат.


Даниэл Дефонун “Робинзон Крузо” деген чыгармасын окусаңыздар керек. Анын башкы каарманы Робинзонго окшоп, жылдар бою аралда болбосо да, элден обочодо жашагандар чыныгы турмушта бирин-серин жолугат. Жакында жапон полициясы 40 жыл бою цивилизациядан алыс, жападан-жалгыз жашап келген кишини колго түшүрдү. Ал майда буюм сатуучу автоматтан акча уурдоого аракет жасап жаткан жеринен кармалган. Полиция тергеп келгенде, “жапониялык Робинзон Крузо” 14 жашында үйүнөн качып кетип, ошондон бери тоо-таштын арасында “ыктыярдуу сүргүндө” жүргөн. Ал жылан, бака, жапайы койон өңдүү жаныбарларды кармап, балык уулап жечү экен.
Кокусунан жолугуп калган бир балыкчы аны үйүнө чакырып коноктоп, түстүү телевизор өңдүү цивилизациянын өрнөктөрү менен тааныштырыптыр. Ошондон бери Крузо балык сатуу менен жан сактап, автоматтардан акча уурдоого кыныгып алган. “Анткени, акчаң болсо, каалаганыңды ала алат экенсиң”, - деп түшүндүрөт 21-кылымдын Робинзону.
Сот аны шарттуу түрдө бир жылга кести. Азыр болсо Крузо жаңы турмуш баштап, куруучу катары эмгектенүүдө.


Америкалык Раунтри аттуу абышка өч алуу максатында банкка кол салган экен. Техас штатынын соту 92 жаштагы карыяны 12 жылга түрмөгө кести. Техастан тышкары Миссисипи жана Флорида штатарында дагы банктарды тоногон Раунтри алгачкы кылмыш ишине 80 жашында барыптыр. Кылмышкердин айтымында, ошол банк анын каржылык түйшүктөрүн ого бетер көбөйткөн имиш.
Техастагы Абилене шаарындагы банкты тоногондо болсо, элдер аны тамаша катары кабыл алыптыр. Чындап эле, кулагы жакшы укпаган, таяк менен баскан 92деги абышканы каракчы деп ким ойлосун!
Бирок Раунтри ардактуу эс алуу мөөнөтүнүн бир бөлүгүн банк каракчысы катары өткөргөнүнө көп кабаатырланбайт өңдөнөт. Ал өзү журналисттерге айткандай, түрмөдөгү тамак кээ бир карыялар үйлөрүнүкүнө караганда жакшыраак.


Африканын түштүгүндөгү Свазиленд мамлекетинин падышасы Мсвати Үчүнчү өзүнүн 11 аялынын ар бирине өз алдынча сарай куруу үчүн парламенттен каражат сурады. “Таймс оф Свазиленд” гезитинин жазышынча, монарх 15 “болгону” миллион доллар сураган. Ошончолук эле акча жылына өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнөт. Свазиленд ВИЧ инфекциясы боюнча дүйнөдө биринчи катарда турган өлкөлөрдүн бири. Падышалыктын ар үчүнчү жашоочусу СПИДге чалдыккан.
Андан тышкары, кургакчылыктын кесепетинен улам, ар бир төртүнчү тургун азык-түлүк жардамына муктаж.
Адатта падышанын тилин уккан паралмент эки жыл илгери Мсватинин жеке учагы үчүн делинген 45 миллион доллар каражат бөлүп берүүдөн баш тарткан.
Свазиленд Африкадагы акыркы чексиз жеке бийлик өлкөсү. Азыркы падыша 11 жылдан бери тактыда отурат. Салт боюнча ал жыл сайын улам жаңы аял алат.


Мас болгон жаныбарлар дагы ар түрдүү кырсыктарга туш болот экен. Жакында Индиянын Мегалайя штатында мас болгон 4 пил ток тийип набыт болду.
Пилдер күрүчтөн жасалган сыраны жакшы көрүшөөрү белгилүү. Бирок алардын өлүмүнө алып келген кырсык бул чөлкөмдө биринчи жолу катталып отурат.
Окуянын чоо-жайы мындай: Кичинекей кыштактын тургундары капысынан каптаган 20-25 чакты жапайы пилден үркүп, бышып аткан сырасын таштап качышат. Пилдер болсо сырадан тойо ичип, мас болуп калышат. Кийинчирээк алардын төртөө жүгүрүп бараткан жеринен электркубат зымдарына урунуп, ошол замат жан беришкен.
Эксперт-зоолог Кушал Конвар Шарма пилдер сырадан ичип алып, кыштактарды талкалаган учурлар көп жолугаарын айтат. Соңку үч жылдын ичинде эле Ассам жана Мегалайя штаттарында мас пилдердин айынан 180 киши набыт болгон.
Баса, айтмакчы, адамдар деле пилдерден артта калбайт. Ошол эле аймактын жашоочулары акыркы алты жыл аралыгында 200 пилди атып өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG