Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫ КАНДАЙ?


Кожогелди Култегин Мындан 20 жыл илгери курулган Папан суу сактагычын жакшыртуу иштери жүргүзүлө баштады. Бирок, ал аракет калктын таза сууга муктаждыгын толук канааттандырары күмөн.

Папан суу сактагычы 1984-жылы пайдаланууга берилген. Суу сактагыч Алай, Карасуу, Араван райондорунун жана Өзбекстандын жалпысы 39 миң гектар жерин сугаруу үчүн, ошондой эле Ош шаарынын калкын 80-100 миллион куб метр ичүүчү суу менен камсыздоо максатында курулган. Суу сыйымдуулугу 260 миллион куб метр. 1987-жылы суу көлөмү эң бийик чекке, тактап айтканда, 236, 6 миллион куб метрге жеткен. Бирок, ошол жылы суу сактагычтын жети жеринен нымдуулук сыртка чыккандыгы аныкталып, кошумча тосмо куруу зарылдыгы пайда болгондо өкмөт өз токтому менен Папан суу сактагычындагы суунун көлөмүн 180 миллион куб метрлик ченемден ашырбоо милдетин алдыга койгон. Ошондон бери бул кемтикти жоюу аракети көрүлбөй жүрүп, өткөн жылы гана Бүткүл дүйнөлүк банктан 225 миллион акча бөлүнүп, кошумча тосмо куруу иштери башталды. Суу чарба департаментинин техникалык көзөмөл жүргүзүү адиси Анатолий Семёнов ал тууралуу мындай дейт:

- Бул өзгөчө чечим болду. Ага ылайык тигил аскадан бул аскага чейин жеткен жана жетимиш метр тереңдикке кирген бетон дубал курмак болдук. Мындай конструкциядагы курулуш республикада жок. Ушул чечимди ишке ашырыш үчүн эл аралык тендердик комиссия түзүлүп, конкурска Кытай, Иран, Франция сыяктуу мамлекеттер катышты. Ирандын «Жетима» фирмасы утуп чыкты. Жанагы жетимиш метр тереңге кирген бетон дубалды куруш үчүн Гидрофреза деген атайын машина жабдууну Италиядан сатып алып, Иран аркылуу алып келдик. Азыр жабдууну монтаждоо иштери жүрүп жатат. Марттын биринчи декадасына реабилитациялоо ишине киришип калабыз.


Гидрофреза аттуу машинаны башкарып иштетүү үчүн Италиядан адистер чакырылган. Үч айда ишти соңуна чыгаруу белгиленүүдө. Албетте, кошумча тосмо бүтсө, сууну 180 миллион куб метрлик көлөмдөн ашырбагыла деген өкмөттүн көрсөтмөсү күчүн жоготот. Ал тууралуу Папан суу сактагычынын суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Реваркасимов мындай дейт:

- Реабилитация бүтүп,, ушул дубалды куруп алсак, анда 260 миллион куб метрге чейин суу топтошко мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоодо да бир проблема бар. Көнөктөгөн жамгыр учурларында суу сактагыч жактан кир суу келип, шаардын бардык түтүктөрүнөн ылай суу чыккан учурлар көп. Папан суу сактагычынын башкармасынын начальниги Кадырбек Тажибаевдин айтымында, бирок, реабилитация иштери ага таасир тийгизбейт:

- Карасуу жакка жамгыр көп жааса деле биздин суу сактагычтан суу тунук агат. Бирок, Кызыл кыштактын суусу ылай чыгып, иче турган сууну кызартып, ылай кылып коёт экен. Мына бул суу түтүктүн жетекчилери башка чара колдонуп, Кызыл кыштактан бери жакка чейин тазалоочу бир жабдууну коюусу зарыл.

Папан суу сактагычы абдан кооптуу жерде турат жана суу сактагыч жырылып кетсе Ош менен Анжиянды бүт басып калат деген кооптонууларга Кадырбек Тажибав каршы:

- Биздин суу сактагыч мурдагы Советтер союзундагы жападан жалгыз суу сактагыч. Башка суу сактагычтарга салыштырмалуу ал канча жыл турса дагы жер титирөөгө, сел алып кетүүгө туруктуу. Суу сактагычты көзөмөлдөө үчүн бизге он беш жоокер берилген. Алар аскердик курал- жарактар менен жабдылган, күчтүү техникалары да бар. Андан сырткары өзүбүздүн жергиликүү калктан жыйырма адам аларга кошумча жардам берип турат.

Папан суу актагычын бекемдеген кошумча бетон дубалды тургузуу менен эле бардык көйгөйлөр чечилбейт. Суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги Ырысбек Миникасимовдун айтымында, маселен азыр чоң бир көйгөй бар:

- Папан суу сактагычына суу куйган жерде сууга көзөмөл салчу атайын жайыбыз жок. Куруучулар башында курушкан, бирок, ал жаман жерге курулгандыктан иштен чыккан.
XS
SM
MD
LG