Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Украинанын парламенти президент Леонид Кучманын сунушун четке какты


КИЕВ. Украинанын парламенти президент Леонид Кучманын сунушун четке какты. Кучма өлкөнүн президенти жалпы шайлоодо эмес, парламент тарабынан шайлансын деген сунуш менен парламентке кайрылган болчу. Украинанын Конституциясына ылайык, президент жалпы шайлоодо жашыруун добуш берүү менен тандалат. Кучма өзүнүн сунушун өлкөнүн мыйзамдарын Батыштын демократиясына төп келтирип, парламентти президенттик бийликтин эсебинен күчтөндүрүү максаты менен негиздеген. Бирок оппозиция Кучманы президенттик бийликти чабалдатып, өзүнөн кийинки президенттин бийлик укуктарын чектегиси келип жатат деп айыптап чыккан. Кучманын сунушуна, ошондой эле, Еврокеңеш, Европа Шериктештиги менен АКШ тынчсыздануусун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG