Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:16

ШКУнун органында кыргызстандык 6 кызматкер иштейт


БИШКЕК. Кыргызстандын үч өкүлү Шанхай Кызматташуу Уюмунун Пекиндеги катчылыгында март айынан баштап ишке киришет. Ошондой эле уюмдун Ташкенттеги аймактык антитеррордук борборунда да кыргызстандык үч атуул иштемекчи. Ал эми ШКУнун жылдык бюджетине Кыргызстандан 379 миң доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Асанбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, учурда Шанхай Кызматташуу Уюмунунун башка эларалык уюмдар менен кызматташуусун тескөөчү документтер иштелип чыгууда жана ал ШКУга кирген мамлекет башчыларынын ушул жылдын июнь айында Ташкентте боло турган саммитинде каралат. Мына ошол документтер аркылуу жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси да чечилет.

XS
SM
MD
LG