Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

РУМЫНИЯНЫН ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ КОРКУНУЧ АЛДЫНДА


Кубат Оторбаев, Прага Жакында Европа биримдиги Румыния бийлигине балдардын укуктары бул мамлекетте корголбой жатканына тынчсызданып, кат жолдоду. Талдоочулардын айтымында, Румыния өзүнө алган бир катар милдеттенмелерди аткара албай жаткандыктан, анын Европа биримдигине мүчө болуп кириши күмөн болууда.

Евробиримдикти кеңейтүү маселелери боюнча атайын өкүл Гүнтер Ферхойген жакында Румыниянын премьер-министри Адриан Нэстасеге кат жолдоду. Анда румыниялык жүздөн ашуун балдар түшүнүксүз жагдайда Италияга жөнөтүлгөнү белгиленип, Евробиримдик ал балдардын Италияга мыйзамдуу өткөнүнө күмөн болуп жатканы айтылат. Андан мурда Европа парламентинде Румыния боюнча доклад жасаган Эмма Николсон ырасмий Бухарест балдарды чет өлкөлөргө сатууну токтотом деп өзүнө 2001-жылы алган милдетенмелерин аткарбай жатат деген сын-пикирин айткан. Еврокомиссиянын өкүлү Диего де Охеда “Азаттыктын” кабарчысына Румыния балдардын укуктарын коргой албагандыктан бул өлкөнүн Евробиримдикке кабыл алынышына мораторий жарыяланышы ыктымал экендигин билдирди:

- Бул маселе - мүчөлүккө кабыл алуудагы негизги критерий. Балдардын укуктары сакталышы керек. Ошондуктан, Румын бийлиги балдардын укуктарын камсыз кылган мыйзамдарды кабыл алганга чейин биздин мораторий күчүндө кала берет.

Британиянын "Дэйли Телеграф" гезитинин жазганына караганда, Евробиримдиктин өкүлү Гүнтер Ферхойгендин катында кароосуз калган балдардын абалын жакшыртууга деп уюм тарабынан Румынияга бөлүнгөн 75 млн. доллардын тагдыры да суралган. Румын өкмөт башчысынын өкүлү жергиликтүү гезитке берген маегинде аталган катта эгер 75 млн. доллар туура эмес пайдаланылса, уюм ал акчаны Румыниянын кайра төлөп беришин талап кылышы толук ыктымал экендигин айткан.

Эске алуучу жагдай, Румыния Европадагы калган 11 мамлекеттин катарында быйыл Евробиримдикке өтмөк. Бирок ага даяр болбогондуктан, ал 2007-жылга калтырылган. Бирок, өлкөдө коррупциянын тамырын кыркылбай, сот системасы реформаланбай жаткандыктан, бул маселе 2007-жылдан да кийинкиге калышы ыктымал.

Румын бийлиги 2001-жылы кароосуз балдарды чет мамлекеттин атуулдарынын багып алышына чек койгон. Ошондон бери 857 бала, анын ичинде 105 бала Италияга жөнөтүлгөн экен. Муну мойнуна алган ырасмий Бухарест, ал балдар адам соодалаган эларалык кылмыштуу топтордун курмандыктары болду деген пикирде турат. Евробиримдик менен сүйлөшүүлөр боюнча Румыниянын өкүлү Василэ Пушкаштын маалыматы боюнча, азыр өлкөдө уюмдун талаптарын аткаруу боюнча бир катар иштер жасалууда:

- Биз сот реформасы боюнча стратегияны аткарууга кириштик. Ошондой эле, мыйзамдарыбызды Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келтирип жатабыз. Сот системасын реформалоо боюнча бир катар мыйзамдардын кабыл алынышы күтүлүп жатат. Кароосуз калган балдар боюнча 2001-жылы баштаган ишибизди мындан да жандандыруу саясатын жүргүзөбүз.

Лондондо жайгашкан Европа реформасы борборунун талдоочусу Хезэр Грэйбинин айтымында, Евробиримдик өз тарыхында биринчи жолу уюмга мына эми кирет деп жаткан мамлекетке ушундай катуу эскертүү берип жатат:

- Мүчөлүккө кабыл алууну токтотуу боюнча Евробиримдиктин жобосу деле иштелип чыга элек. Ошондон улам Еврокомиссиянын деле Румыния менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп коюу боюнча укугу жок. Бирок, мүчөлүккө мына эми кабыл алынат деп жаткан мамлекетке карата жасаган Комиссиянын мындай кадамы кубаттоого татыйт. Буга Европарламенттин таасири чоң.

Хезэр Грэйбинин айтымында, Еврокомиссия Румынияга жасаган мындай мамилеси менен уюмга мүчө болууга даярданып жаткан башка мамлекеттерге да сес көрсөтүп койгондой болду. “Эми талапкер мамлекеттер уюмга кириш үчүн техникалык талаптарды эле аткарбай, саясий өзгөрүүлөргө да барышы керектиги дайын болду”, - дейт Хезэр Грэйби.

XS
SM
MD
LG