Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

АЯЛДАР ТҮРМӨСҮНЛӨ БАТКАН КҮН


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда аялдар кармалчу түрмө жалгыз бирөө. Чүй боорундагы Степное кыштагындагы бул абакта учурда ар түркүн кылмыш жасаган 700гө чукул аял кармалууда. Бүгүн Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу аялдар түрмөсүндө болду. Аны менен чогуу абактагы аялдардын жашоо- турмушу менен кабарчыбыз да таанышып кайтты. Чолпон Орозобекованын аялдар абагынан даярдаган түрмөгүнүн биринчи бөлүгүн тартуулайбыз.

Темир эшиктер аркаңдан шарак этип жабылгандан кийин кунарсыз короодо аркы- терки баскан аялдардын турмушуна кирип барасың. Уурулук менен отурган жашы 70ке барып калган кемпирден мектепти бүтпөй калган секелек кыздарга чейин отурушат. Алар Турсунбай Бакир уулун тегеректеп дароо мунапыстын кабарын сурашты. Президенттен экинчи жолу бул мыйзамга каршы пикир келгенин укканда көбүнүн баштары шылкыя түштү. Састымоо күч алып, бир тобунда күрсүлдөгөн жөтөл, чүчкүрүк...

- Ушул жаңы жыл силерге жакшылыктарды алып келсин. Ылайым мөөнөтү аяктап бараткандарга тагдырдын ташы оңунан түшүп, мунапыска кабылып эртерек эркиндикке чыккыла. Карап турсам көбүңор ооруп турасыңар. Айрыкча мобу жөтөлүп аткандар сакайып ден соолукта болушуңарды каалайм, - деди Турсунбай Бакир уулу.

Аны тегеректеп арыз- муңун айтып киришти. Аялдардын дээрлик ар биринде менин ишимди туура эмес тергешти, мага мөөнөттү көп берип коюшту деген өңдүү укук коргоо органдарына дооматтары бар. Акыйкатчы институтунун юристтери бир күн кечке аларга юридикалык жактан кеп- кеңеш берип, айрымдарынын арыздарын кабыл алды.

Абактагы аялдар үчүн тууган- туушкандары менен кабарлашуу кыйын өңдөнөт. Улам бири чалып койууну өтүнүп телефон номерлерди берип, айылдагы туугандарына кат жазып берип атышты. Акыйкатчы чөнтөк телефону аркылуу айрымдарын үйү менен сүйлөштүрдү. Он беш жаштагы кыз апасына буркурап ыйлап, «Апа, мени кечир, сени сагындым. Келип кетчи, суранам» деп жалынды. Бул түрмөдө ооруп калсаң дары- дармек табуу оор маселе көрүнөт. Тиши ооруп, жаагы шишип кеткен Айнура үйүндөгүлөргө тиш суурутканга зарыл болчу лидокаин өңдүү дарыларды алып келип берүүсүн суранып кат жазып биз аркылуу жөнөттү. Анын айтымында тиш доктурга барган күндө да дары жок деген шылтоо даяр. «Бул абакта илдет аттуунун баары аспирин менен дарыланат» деп какшыктады.

Бул абакта ачкачылык деп айтканга болбойт. Бирок, жакындары келбегендерге кыйын эле болчудай. Жанын жакшырак баккандар абактын тамагына басып барышпайт. Ашканада өздөрү каалаган тамагын жасап ичишет экен. Он төрт жаштагы Жаркын деген кыз уурулук менен түшкөн. Азыр байпак токуп жан багып атканын айтат.

- Мен ушул жерден эптеп чыгып кетсем жумуш таап, өз жанымды өзүм багат элем. Мисалы менен мугалим же катчы болуп ишеп кетериме деле ишенем. Ооба, мен 8 класстык эле билими бар. Ушунун баарына мен атамды күнөөлөйм. Ал аракеч болуп кетпегенде мен мектепти да бүтмөкмүн, уурулукка да барбайт болчумун. Бирок, эчтеке эмес. Менин эрким күчтүү, өз жанымды багыш колумдан келет. Жада калса абакта отуруп да мен байпак түйүп сатып өзүмө кийим- кечек алып, кардымды тойгузуп атам. Антпесем мага азыр эч ким келбейт, - дейт он төрт жаштагы Жаркын.

Өз канынан жаралган баласын өлтүргөн эки аялды учураттык. Күйөөсүн өлтүргөн ондон ашык аял ушул жерде мөөнөтүн өтөп аткан кез. Бири «өкүнөм, байкушумду жакшы көрчүмүн» десе, дагы бири «өзү күнөөлүү» дейт. Төрт баланы өстүрүп атып, алардын атасын өлтүрүп алган аял буркурап ыйлады. «Мен ушул жерде жатканыма кабагым кашым дебейм, мага чала болот, төрт баламдын көздөрүнө кантип тике карайм» дейт он эки жылга соттолгон аял.

Биз кетип атканда түштөн кийинки текшерүү башталды. Төрт катар болуп тизилген 700дөй аялды мал толуктагандай сөөмөй менен санагандан кийин илең- салаң басып тарап кетишти. Үшундай көрүнүш күнүгө эки жолу, буга өздөрү да көнүп бүткөн.

XS
SM
MD
LG