Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

АЯЛДАР ТҮРМӨСҮНДӨ БАТКАН КҮН (2- макала)


Чолпон Орозобекова, Бишкек Степное кыштагында абактагы аялдардын жашоо- турмушу тууралуу түрмөктү улантабыз. Бул жерде аялдардын кай биринин өңү да мурдагыдай болбой өзгөрө түшөт экен. Абакта бир нече жылдар бою отурса да оозун боеп, бет май сүйкөнүп жүргөндөрү эң башкысы чөкпөш керек деген эрежени тутунгандар. Андайлардын көбү абак ичиндеги ишканаларга орношуп, иш менен өзүн алаксытышат.

Абакта жатса да аялдар сулуугун, назиктигин сактап кала алышат. Темир тордун артында болсо да оозун боеп, чачын боеп жакшынакай болуп жүргөндөрү көп. Айрымдары өзүн карабай, таштап жиберишет. Аларга жакындарынын, балдарынын, тышкы келбетинин да кереги жок болуп калат өңдөнөт. Бул короонун ичинде бир жылдан бери чач тарач ачылып, анда жаш кыздарга чач кыркканды үйрөтүп, өзүн карайм дегендердин өңү башын сулуулантып беришет. Албетте, шаар ичиндеги сулуулук салонундагыдай шарт жок, бирок чачыңды каалаган түсүңө боеп, тармалдантып бергенге мүмкүнчүлүк бар. Бул түрмөдө эки жылдан бери отурган 19 жаштагы кыз эң негизгиси өзүңдү таштабашың керек деп кеңеш кылат.

- Бул жерде отурганда киши бойдон каласыңбы же жокпу ар кимдин өзүнө гана көз каранды. Чач тарачка барып, бет май сүйкөнүп өзүңдү карашың керек. Убактылуу болсо да жашап аткандан кийин бул жер үйүң да туурабы?. Эшикке чыксаң да, керебетиңде жатсаң да аялдык сулуулугуңду жоготпой ажарлуу болуп турсаң өзүңө эле жакшы да. Албетте, өзүңдү таштап салсаң ырайың кетип, эркиндикке чыккандан кийин өзүңдү өзүң тааныбай калышың ыктымал.

Бул түрмөдө 9 наристе багылууда. Бир орус аял ушул жерде былтыр уулдуу болгон, бүгүн болсо экинчи баласына бир ай гана болду. Ал балдарды атайын нянькалар багат, аларды деле соттолгон аялдардын ичинен тандап алышат. Ал эми энелери эртең менен 2 саат, түштөн кийин 2 саат бою балдарынын жанында болууга милдеттүү. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу ушул наристелерге 2 -3 ирет келиптир. Өзүнүн байкоолору менен мындайча бөлүштү.

- Бул абакта жаткан балдар дагы түрмөнүн жазылбаган мыйзамдарына көнөт өңдүү. Мен аларга 2- 3 жолу келип белек- бечкек бердим. Петя деген 4 жаштагы бала дептер, калемсап берсем колуна албай, «коюп коюңуз, анан алам» деди. Белегим анча жакпай калды окшойт деп, момпосуй салынган баштыкты сунсам дагы « Сиз үстөлдүн үстүнө калтырып коюңуз, анан алам» деп, аны да колуна албай койду, - дейт Турсунбай Бакир уулу.

Аялдар абагында өндүрүш бир аз иштейт экен. Каалагандар кийим тигүүчү цехте, токуучу цехте иштешет. Бирок угушубузга караганда ал жакка жумушка орношуш да оңой эмес. Түрмө жетекчилиги тартиби жакшы, жүрүш турушу менен өзүн көрсөтө алган аялдарды гана жумушка алат. Учурда бул абакта өз канынан жаралган баласын өз колу менен өлтүрүп алган энелер да отурат. Эки жылдан бери отурган бир келин 7 жаштагы кызына бычак сайып алган. Акыр бул түрмөдөн ар кыл тагдырды кезиктиресиң. Баарынан кызыгы, бул жерде бир кылмыш менен келгендерди сыйлашат имиш, бир кылмыш менен келгендерди шылдыңдап күн көрсөтүшпөйт...Акыр жазылбаган, айтылбаган түрмө мыйзамдары. Ал эми бул аялдын айтымында аны наристе өлтүргөнсүң деп кодулашат. Анын айтымында эркектерди, айрыкча күйөөсүнүн өмүрүн кыйып алгандар урматталат.

- Мени «детоубийца» деп жаманкылышат. Күйөөсүн өлтүргөндөрдү кодулабай, жаман айтпай билгизбей сыйлап турушат. Акыр ар бир кылмыштын өз орду бар бул жерде.

Бул жерде 5 чоң отряд бар. Ар бирин өз ичинен шайланган топ башы башкарат. Аны аялдар өздөрү шайлашат. Абактагылардын кай биринин сөзүнө караганда жакшы мамиле жасап, өзүнө чынчылдыгы боорукердиги менен тарта алганын гана башчылыкка көрсөтүшөт.

XS
SM
MD
LG