Бейжазык адамдардын өмүрүн кыйган кыянатчылыкты эчтеме менен актоого болбойт, деп айтты Жорж Буш. Кошмо Штаттары Россия менен бирге терроризмге каршы күрөшүп жаткандыгын белгилеп, Буш орус калкына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Мындай кылмыштарды жасагандар сот алдында жооп берүүгө тийиш, бул жагынан эки өлкөнүн мүдөөсү бирдей, деп көрсөттү Буш.