Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

ПАРЛАМЕНТТЕ «МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ КАРАЛУУДА


9-февралда Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону улантты. Талкууга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышып, мыйзам тууралуу түшүндүрмө берди.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам 38 беренеден турат. Өткөн жылдын декабрь айында башталган талкуудан бери мыйзамдын 24 беренеси кабыл алынды. Дүйшөмбүдөгү талкууда негизги талаш 19-берененин айланасында болуп, ал мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен депутат Зайнидин Курмановдун ортосундагы курч талашты жаратты. Мамлекеттик катчы 19-берене долбоордо кандай берилсе, ошондой кабыл алууну сунуштады:

- Бул беренени сунуш кылган бойдон кабыл алып берсеңиздер!

Аталган беренеде билим берүү системасында, бала бакчаларда кыргыз тилин окутуунун камсыз кылынышы, кыргыз тили боюнча кирүү экзамендерин тапшыруу нормалары киргизилээри жазылган эле. Берененин кабыл алынышына депутат Зайнидин Курманов каршы чыкты:

- Бул берене «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдан көчүрүлүп алынган. Кайталоонун кажети барбы? Андан тышкары абдан начар да жазылган экен. Дегеле мыйзам чийки.

Зайнидин Курманов беренени башка редакцияда кабыл алууну сунуштады. Талаш-тартыштын убагында 19-берене добуш берүүгө коюлуп, бирок жетиштүү добушка ээ болбой калды. Талкуу маалында түзүлгөн мындай оор кырдаалга байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да төмөнкүдөй билдирүү жасоого аргасыз болду:

- Мен айтып койоюн, бул мыйзамды кабыл алууга ар кандай жолдор менен тосмолор коюлуп, кечеңдетүү жүрүп жатат.

Төраганы депутат Акылбек Жапаров колдоду:

- Абдыганы Эркебаевич, туура айтып жатасыз, бут тосуу болуп жатат. Ал үч жылдан бери уланып келатат. Мен Кабай Карабековдун пикири менен макул эмесмин. Мурдатан эле орусча окугандар кирүү экзамендеринде сочинение жазып, кыргызча окугандар жат жазуу жазып жүрүшпөдү беле. Айылдан окуп, орус тилин билбеген далай таланттуу балдар кулап, аскерге кетип эле жүрүшпөдүбү.

Акылбек Жапаров 19-берененин “жогорку окуу жайга кирүүчүлөр сөзсүз түрдө кыргыз тилинен экзамен тапшырыш керек” деген аныктамаларын колдоду.
Бирок, 19-берене өтпөй калгандан кийин парламентарийлер башка беренелерди кароого өтүштү. Анын жүрүшүндө мурда каралып, толуктоого калтырылган 10-берене кабыл алынды. Ал беренеде «Мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди өз милдетин аткара ала тургандай деңгээлде билиши зарыл» деп айтылган.

Буга чейинки талкууларда 10-беренеден тышкары үчүнчү, төртүнчү беренелер да кабыл алынган эмес. Үчүнчү беренеде кыргыз улутундагы атуулдардын кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экендиги, ал эми 4-беренеде кыргыз тилинин улуттар аралык тил экендиги белгиленген.

Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын адистеринин айтымында, өтпөй калган беренелер талкууда айтылган сунуш-пикирлер менен толукталып туруп, депутаттардын кароосуна кайрадан коюлат. Палата талкууну 10-февралда улантат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG