Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

КЫРГЫЗСТАНДЫН АБАКТАРЫНДА АБАЛ ЖАКШЫРАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Юстиция министрлигинин Жазаны аткаруу башкармалыгынын өкүлдөрү дүйшөмбүдө журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда башкармалыктын башчысы Владимир Носов көп жылдардан бери өзгөрүүсүз келе жаткан бул тармакта былтыр гана бир аз алга жылыштар болгонун кабарлады.

Жазаны аткаруу башкармалыгынын башчысы Владимир Носовдун билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын жаза өтөө жайларында азыр 17 миң адам кармалууда. Былтыркы жыл камакка түшкөндөрдүн санынын азайганы менен тарыхта калды. Ал эми буга чейин абакка түшкөндөрдүн саны көп болчу. Мисалы, 2001- жылы камакта отургандардын саны азаймак турсун кайра 2500 кишиге көбөйгөн. Ушундан улам Жазаны аткаруу башкармалыгы «Абактагы адамдардын санын кыскартуу тууралуу» мыйзамды иштеп чыгып, өкмөт менен парламентке жөнөттү. Орусия так ушундай мыйзамды кабыл алуу менен камактагылардын төрттөн бирин темир тордон чыгарган. Казакстан дагы ушул жолду тандады. Учурда Кыргызстанда 100 миң кишиге абактагы 350 адам туура келет. Адистердин болжолунда, бул өтө эле ашыкча жүк. Жарды Кыргызстан эмес, өнүккөн мамлекеттерде деле бул сан үч эсеге аз.

2003- жыл түрмөлөрдү жакшыртуунун жылы болду. Владимир Носовдун айтымында, дал ушул жылы өмүрү жаңылана элек төшөнчүлөр алмашылып, жылуу кийим кечек алынды. Мурда абактагылардын бир күндүк тамак ашына бюджеттен 10 сом бөлүнүп келсе, эми анын көлөмү 20 сомго көтөрүлдү. Ушундан уламбы, былтыр темир тор артында каза болгондордун саны 2 эсеге кыскарды. Кургак учук менен ооругандардын саны да бир кыйла азайыптыр.

- Былтыр 2002-жылга караганда өлүм эки эсеге азайды. Тамак-аштын оңолгону оору-сыркоо да азайды. 2001- жылга салыштырмалуу кургак учук 3 эсеге азайды. Албетте, бул нерсе бизди бир аз кубандырат. Бирок, бул кабар абал жакшы дегенди билгизбейт. Дагы деле өлүм көп, кургак учук боюнча абал дале опурталдуу,- дейт Владимир Носов.

Бир жылда жаза өтөөчү жайларда 30 миллион сомдук продукция өндүрүлөт. Алардын көбү жашылча-жемиш, нан жана башка ун азыктары. Тилекке каршы, өнөр жай продукциялары абдан аз. Маалымат жыйынында белгилүү болгондой, совет убагындагы өндүрүш таптакыр жоюлган. Орусия жана башка өлкөлөр менен карым-катнаш үзүлүп, чийки зат алып келүү токтогон. Эң өкүнүчтүүсү - илгери колдо болгон жабдуулар, станоктор азыр жок. Адистердин айтымында, жарымынан көбү сынып, талкаланып, сатылып жок болгон. Жазаны аткаруу башкармалык өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, өндүрүштө иштегендерге айлыгынын 50% колуна берилиши керек. Акчалай кызыкчылыктан мурун моралдык жактан да пайда алып келчү ал өндүрүштү кайра жандандыруу аракети бар. Жазаны аткаруу башкармалыгынын орун басары Кубаныч Абыкеевдин айтымында, абакта жаткандар “иш таап бергиле” деп өздөрү да суранууда.

Мындан 3-4 жыл мурда Кыргызстандын абак системасындагы жагымсыз окуялар коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп келген эле. Айрым түрмөлөрдөгү кылмышкерлер ачкачылык жарыялап, айрымдары качып кеткен. Кээде түрмө кызматкерлери менен камактагылардын ортосунда түшүнбөстүктөр болчу. Владимир Носов мындан ары андай жагымсыз окуялар аз болот деп ишендирет. Анын айтымында, абак системасында кызмат кылгандар камалгандарга ырайымдуу, жылуу мамиле жасаганга үйрөнүшүүдө. Мурдагыдай аскердик сес менен жасоолдой мамиле кылууга катуу тыюу салынды. Владимир Носовдун айтымында, кылмышкерлер жерди жашыруун казып отуруп качып кеткен окуялар эми кайталанбайт деген үмүт бар. Бирок, былтыр Кыргызстандын абактарынан 4 киши качкан. Экөө тергөө абагынан, экөө түрмөдөн качкан. Бирок, алар көп узабай кармалып, азыр мурунку кылмышы үчүн эле эмес, кийинки мыйзамсыз аракеттеринин да азабын мойну менен тартууда.

XS
SM
MD
LG