Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

НАТО өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетпейт


НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Шеффер бүгүн ордо шаар Кабулда сүйлөп, жанкечтилердин жакындагы удаама-удаа эки чабуулу Түндүк Атлантика уюмуна караштуу күчтөрдүн Ооганстандагы миссиясын токтото албасын билдирди.

- Ооганстандын алдында өтө зор милдеттер турат. Бүтүндөй өлкөдө коопсуздукту орнотуу керек. Келечекте өлкөдөгү бийлик бириктирилип, нукура элдик болушу шарт. Мыйзамсыздык, уюшкан кылмыштуулук, маң заттарын өндүрүү жана аларды аткезчилик жол менен сатуу контролго алыныш керек.

Бүгүн эле Кабулда өткөн салтанатта канадалык генерал Рик Хиллиер НАТОнун Ооганстандагы коопсуздук күчтөрүнүн командачылыгын германиялык генерал Горц Глимерттен өткөрүп алды.
Салтанатка Ооганстандын президенти Хамид Карзай, НАТОнун башкатчысы Шеффер жана башка ырасмий адамдар катышты.
НАТОнун башчылыгы астындагы 6100гө жакын аскердин негизги бөлүгү Кабулда жана бир уучу түндүктөгү Кундуз шаарында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG