Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Кыргызстандын акыйкатчысынын Оштогу бөлүмү жыл жыйынтыгын чыгарды


ОШ. Кыргызстан акыйкатчысынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды. Акыйкатчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун 9-февраль күнү "Азаттык" радиосуна билдирген маалыматы боюнча, өткөн жылдын май айында ачылган өкүлчүлүккө жыл аягына чейин 827 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 445 арыз жамааттардан болсо, 382 арыз менен жеке адамдар кайрылышкан. Кылмыш иштери боюнча 151, граждандык иштер боюнча 590, ошондой эле акыйкатчынын өкүлдөрүнөн сот ишине катышып берүүсүн өтүнгөн 68 арыз түшүп, баардыгы канаттандырылган. 69 арыз оң чечилип, 58 иш бүгүнкү күндө кароодо турат. Акыйкатчынын Ош облустук өкүлчүлүгү аркылуу облустагы эркинен ажыратылган адамдар кармалуучу абактар текшерилип, андагы талапка жооп бербеген шарттар тууралуу тиешелүү органдарга кабарланган.

XS
SM
MD
LG