Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

«Кумтөралтын» долбоору реструктуризацияланды


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында премьер-министр Николай Танаев «Кумтөр алтын» долбоору реструктуризацияланганын жана бул чечим биротоло кабыл алынганын маалымдады. Премьер-министрдин билдиргенине караганда, Кыргызстан «Кумтөр голд компанинин» ордуна жаңыдан түзүлгөн «Сентерра голд инк.» компаниясына Кумтөр алтын кени менен акционер болуп кирип, натыйжада «Сентерра» компаниясынын акцияларынын 33% ээ болот. «Кумтөралтын» ишканасы реструктуризациялангандан кийин мамлекетке салыкты толук төлөп, казынага 30 млн. АКШ доллар өлчөмүндө киреше түшөт. Ошондой эле «Кумтөр алтын» кенин иштетүү мөөнөтү узартылат. Эларалык каржы базарында Кыргызстандын рейтинги жогорулайт. Премьер-министр Николай Танаев шейшембидеги маалымат жыйынныда ушундай билдирүү жасады. Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн мындай кадамын палатанын Кумтөргө байланыштуу былтыр кабыл алган 20-июндагы токтомун бузгандык катары баалоодо. Ошондуктан эртең буга байланыштуу парламенттик угуу өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG