Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

ГРУЗИЯ ПРЕЗИДЕНТИ МОСКВАДА


Төрөкул Дооров, Москва Грузиянын президенти Михаил Саакашвили бүгүн Москвага эки күндүк иш-сапары менен келди. Михаил Саакашвили менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин шаршембидеги жолугушуусу маалында бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Михаил Саакашвили Грузиянын президенти катары алгачкы ирет Орусияга келип олтурат. Сапардын негизги максаты Орусия менен Грузиянын акыркы жылдарда начарлай түшкөн карым-катнашын жакшыртуу.

- Көптөн бери эки мамлекет ортосунда топтолуп келген проблемаларды биз маектешүүнүн ушул этабында талкуулай башташыбыз керек, - деди Михаил Саакашвили шейшемби күнү орусиялык студенттер менен болгон жолугушууда. Анын айтымында, Москва менен бул өңдүү талкууну жүргүзүүдө Грузиянын буга чейинки президенти Эдуард Шеварнадзе алсыздыгын көрсөттү.

Грузин президенти ошол эле учурда өзүн Орусияга же АКШга ык алган саясатчы деп эсептебейт жана айрым орусиялык саясатчылардын “Грузиядагы «роза ыңкылабы» АКШнын колдоосу менен өткөрүлдү” деген өңдүү пикирлерин кескин четке кагат. Бирок, М.Саакашвили Грузиянын келечеги үчүн Европа коомчулугу менен тыгыз кызматташуу зарыл деп эсептейт.

Кремлдин байкоочуларынын баамында, Грузиянын жаңы президентинин бул жолку сапары көптү үмүттөндүрөт. «Эдуард Шеварнадзе бийликте турган учурда көп маселе боюнча тил табышуу мүмкүн эмес болчу, ал эми бүгүн Саакашвили Орусия менен келишимге умтулуп жаткандыгы ачык байкалууда», - деп эсептейт тышкы саясий пландаштыруу комитетинин төрагасы Сергей Кортунов.

Ошол эле учурда Сергей Кортунов мындан он жылдай мурдараак Орусия КМШ курамындагы Грузия, Украина жана Европага умтулган мамлекеттердин аракетине бут тосуу саясатын жүргүзө баштаган дейт. Бул саясат, анын ою боюнча, азыркыга чейин токтотула элек:

- Орусия мындан ары башка мамлекеттерге аны бул өңдүү аракеттерге катыштыгы бар экендигин айыптоого жол бербеши керек, анткени биз өзүбүз Европанын деңгээлине көтөрүлүүгө умтулуп келебиз.

Ушул тапта Грузия менен Орусия ортосунда бир катар чечиле элек көйгөйлөр бар. Алардын негизгилери - Грузияда жайгашкан орусиялык аскер базаларды чыгаруу маселеси, ортодогу визалык каттам жана чегара проблемалары. Ошондой эле эң башкысы – Грузиянын автономиялуу республикалары менен Тбилисинин жана Москванын ортосундагы мамилелерди аныктоо.

Стратегиялык баа берүү институтунун директору Сергей Ознобищев жогоруда аталган проблемаларды чечүү буга чейин айтылып келген «үчүлүктүн» аракеттери менен ишке ашмакчы деп эсептейт:

- Бул үч бурчтуу карым-катнаштын артында Орусия-АКШ-Грузияны таанышыбыз керек. Бул – биздин ич-ара мамилелерибиздин жаңы келбети. Мындай ойду Саакашвилинин сапарынын географиясы да тастыктады. Ал Москвадан кийин Вашингтонго сапар алмакчы. Анткен менен Вашингтонго чейин Москвада болушунун өзү Орусияга карата Грузиянын өзгөчө мамилесине күбө.

Иш-сапардын биринчи күнүндө Михаил Саакашвили РАО ЕЭС компаниясынын жетекчиси Анатолий Чубайс менен жолугушуп, Орусиянын электроэнергиясын Грузия аркылуу Түркияга экспорттоо маселесин талкуулады.

Шаршемби күнү Михаил Саакашвилинин Орусия президенти Владимир Путин менен жана Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG