Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Орусия президенттигине талапкер Иван Рыбкин Киевден Москвага кайтып келди


Иван Рыбкин өткөн аптадан бери дайынсыз жоголду деп эсептелгендиктен, ага издөө салынган. Москвага кечээ кечинде Киевден учуп келген Рыбкин кабарчыларга соңку күндөрү дайынсыз болушунун чоо-жайы тууралуу айтуудан баш тартты. Мунун алдында ал өзүнүн шайлоо штабына телефон чалып, Киевде досторунда жүргөнүн гана маалымдаган болчу. Мамлекеттик думанын мурдагы спикери Рыбкин 14–мартка белгиленген президенттик шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышууда. Ал орус президенти Путинди сындап жүргөн саясатчы жана анын соңку күндөрү дайынсыз болушу түрдүү айың-кептерди жаратты.

XS
SM
MD
LG