Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШҮ ӨЗГӨРӨБҮ?


11-февралда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишкердүүлүгүнө арналган парламенттик-коомдук угуу болду. Ага өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышып, алдыдагы иш чараларга бөгөт болгон жагдайларды аныкташты.

Парламенттик-коомдук угуу Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана Конституциялык мыйзамдуулук комитети жана БУУнун Өнүгүү программасынын демилгеси менен уюштурулду. Анын максаты «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышына саресеп салып, жергиликтүү бийлик органдарынын өнүгүүсүнө бөгөт болгон тоскоолдуктарды тактап алуу болду. Угууда айтылган пикирлерге караганда, аталган мыйзамды жана 2010-жылга чейин «Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын өнүктүрүү» тууралуу улуттук стратегияны ишке ашыруу багытында бир топ иштер жасалды. Бирок, мыйзам толук ишке ашпай, жергиликтүү башкаруу органдары кагаз жүзүндө эркин, иш жүзүндө мурдагыдай эле көз каранды бойдон калды. Буга эң ириде айыл өкмөттөрүнүн укук-милдеттеринин мыйзам чегинде так аныкталбагандыгы, каражаттын жоктугу, маалыматтын жетишсиздиги жана кадрлардын сабатсыздыгы башкы кедерги болууда. Булардын ичинен эң башкы көйгөй кош бийлик, тактап айтканда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен райондук, областтык мамлекеттик администрациялардын өкүм сүрүшү. Кош бийликтин айынан жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттын көбү райондук бийликтин эсебине кетип, өз көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Ушундан улам коомдук угуунун катышуучулары Кыргызстандын төрт баскычтан турган бийлигин өзгөртүү зарыл деген бүтүмгө келишти. Ал тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Диль:

- Мына ушул жерден мамлекеттик түзүлүшкө байланышкан экинчи маселе чыгып жатат. Азыр бизде төрт баскычтагы бийлик бар. Алар айыл өкмөтү, район, область, республика. Биз буларды өзгөртсөк социалдык-экономикалык абалга кандай таасир берет деп коркуп жатабыз.Чындыгында бирдиктүү бир долбоор иштеп чыксак болот. Райондор менен областтарды жоюп, аймактардын деңгээлинде кеңештерди түзүү зарыл. Ошондо эч кимден бирөө бийлик да, каражат да талашпайт, - деди.

Кыргызстандын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиевдин айтымында, азыр бул максатты көздөгөн үч долбоор каралып жатат. Анын бири райондорду, экинчиси областтарды жоюу, үчүнчүсү экөөнү тең жоюп, аймактык башкаруу бийлигин түзүү. Бул сунуштарды иликтеп көрүү үчүн «Мамлекеттик башкарууну борбордон алыстатуу» улуттук стратегиясынын алкагында үч чакан шаар үлгү катары тандалып алынды. Ал тууралуу Төлөбек Өмүралиев:

- Азыр республикадагы үч чакан шаар-Токмок, Баткен жана Нарында үч баскычтагы бийликке баш ийет. Мына ушул бийликтин бирин жойсок, мисалы, район кантип башкарылат жана бир райондогу 15-20га чейинки айыл өкмөттөрүнүн башын кантип кошуп, проблемаларын кантип чечсек болот деген суроолорго жооп алабыз. Ошол тажрыйбанын негизинде чечим болот. Менин оюмча, бул долбоор ошондо ишке тез ашат, - дейт.

Мындай кайра түзүү сунушу Кыргызстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болууда. Ал тууралуу Жайыл районундагы Акбашат айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Баймонкоевдун ою төмөнкүчө:

- Жергиликтүү бийлик менен жергиликтүү мамлекеттик бийлик экөө бир жумушту аткарып, экөөнүн укук-милдеттери жакшы такталбай калгандыктан ишке абдан катуу тоскоолдук болуп жатат. Бул өзүнчө эле кош бийлик. Азыр областтык жана райондук бийликти жоюп, анын ордуна бир аймактык бийликти түзүү зарыл. Анан алардын укук-милдеттери такталып, натыйжалуу иштеген бийлик болсо эң жакшы болот эле.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Апсамат Масалиевдин маалыматына караганда, былтыр Конституциялык кеңешмеде областтарды жоюу маселеси козголгон. Бирок, Кыргызстан дагы, айылдар бири-биринен окчун жайгашып коңшу мамлекеттер менен көп жерлери чек аралаш тоолуу өлкө болгондуктан район же областты жоюу болбойт деген бүтүмгө келишкен.

Коомдук угуу өткөргөн комитет төрагасы Валерий Дилдин маалыматына караганда, бул маселе эми комитетте каралып, президентке, парламентке жана өкмөткө сунушталат.

XS
SM
MD
LG