Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

ФРАНЦИЯ: ДИНИЙ СИМВОЛДОРГО КАРШЫ МЫЙЗАМ КИМГЕ КАРШЫ БАГЫТТАЛДЫ?


Өткөн жылдын аяк ченинде президент Жак Ширак мамлекеттик мектептерде диний символдорду тыйуу боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылган эле. Бул сунушка ылайык, үстүбүздөгү аптанын шейшемби күнү Франциянын Улуттук Ассамблеясы көпчүлүк добуш менен жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам мусулман кыздардын жоолукчан, жөөт балдардын башына такыя кондуруп, ал эми тарса окуучулардын олчойгон крест тагынып сабакта отуруусуна тыйуу салат.

Үстүбүздөгү аптанын шейшемби күнү Франциянын Улуттук Жыйыны же француз парламентинин төмөнкү палатасы өкмөттүк мектептерде диний символдорду тыйуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун 496 добуш менен кабыл алды. Улуттук жыйынга бардыгы 577 депутат мүчө.

Жаңы мыйзам тууралуу Париждин тургуну, атын атабоону өтүнгөн теги кыргызстандык жаран телефон аркылуу берген интервьюда буларды айтты:

- Аны коомчулук “жоолуктардын мыйзамы” деп атап койду. Себеби, жаңы мыйзамга тынчсыздануусун мусулмандар биринчи болуп билдиришти. Бул мыйзамга жараша, мамлекеттик мектептерде окуган балдардын арасында ачык диний өзгөчөлөнүүнүн болуусуна тыйуу салынат. Атап айтканда, мусулман кыздардын сабакта жоолукчан, тарса-христиандардын крестчен, ал эми жөөт балдардын тoпучан отуруусуна уруксат берилбейт.

Франциянын премьер-министри Жан-Пьер Рафарен шейшемби күнү Улуттук жыйын мыйзамды кабыл алгандан кийин жасаган билдирүүсүндө, депутаттарга ыраазычылын айтып, мындай деди:

- Бул мыйзам менен, Республика жана анын секулярдык мүнөзү бүгүн дагы бекемделди. Рахмат бул эмгегиңиздерге.

Белгилей кетчү нерсе, коммунист-депутат Алан Бокью жаңы мыйзам чет элдик “иммигранттарды кемсинтип, ортого чок салат” деп, ага каршы добуш берди.

Президент Жак Ширак былтыр декабрда диний символдор боюнча атайын мыйзамды кабыл алууну адеп сунуш кылганда, секулярдык бийликтин вазийпасына кеңири токтолгон:

- Секуляризм диний эркиндикке кепил өтөт. Ал ишеним жана ишенбөө эркиндигин коргойт. Ал ар бир адамга өз динин тынч, эркин жана башка диндерге таңуулабастан кармоого жана ибадат кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Франциянын улуттук билим берүү министри Люк Ферри парламент мыйзам долбоорун колго салгандан бир нече саат мурда берген түшүндүрмөгө караганда, мыйзам диний туюнтмаларды чектөөнү гана көздөбөйт. Мыйзам мектеп окуучулары эркек-кыз деп бөлүнбөстөн, дене тарбия сабагында чогуу көнүгүүсүн колдойт жана анатомия, биология жана көркөм өнөр сабактарында адамдардын дене-мүчөлөрү, сүрөттөрү көрсөтмө курал катары пайдаланылганда, ага “динибиз тыйуу салат” деп, каршылык билдирүүгө жол бербейт. Ошондой эле, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Холокауст же кызыл кыргын тууралуу сөз болгондо, анын чындыгына ишенбей, мугалимдер менен акийнек айтышууга да тыйуу салат.

Люк Ферри - таанымал философ. Постсоветтик өлкөлөрдө Ферри “Кудай адам же жашоонун философиясы” деген көлөмдүү эмгеги менен белгилүү.

Парижде чыгуучу абройлуу “Интернешнл Гералд Трибюн” гезити жазганга караганда, акыркы жылдары кээ бир мусулман окуучулар жөөттөрдү нацисттердин кырганына ишенишпей, сабакты өткөрүүгө жолтоо болушкан, биология жана дене тарбия сабактарын эркек жана кыз балдарга бөлүп окутууну, мектепти бүтүрүү сынагы учурунда намаз үчүн убакыт берүүнү жана мектептин ашканасында чочко этин сатууга тыйуу салууну талап кылган учурлар көп болгонун бир катар мугалимдер өз арыздарында белгилешкен.

Жаңы мыйзамга чет элдик мусулман жана адам укугун коргоочу уюмдар, анын ичинде АКШда жайгашкан Эл аралык диний эркиндик комиссиясы башынан каршы турду. Бул комиссия - Ак Үй, Мамлекеттик департамент жана Конгресс масилээт алчу уюмдардан. Комиссиянын пикиринде, мыйзам адам укугунун эл аралык нормаларына каршы келет.

Буштун администрациясы бул “француз эли менен француз өкмөтүнүн ички иши” деп, ага кийлигишүүнү туура көрбөдү.

Париж мечитинин имамы Далил Бабабакирдин айтымында, жаңы мыйзам Франциянын секулярдык институттарына “башын тыгып” кирүүнү көздөгөн мусулман фундаменталисттеринин жолун тосчу бөгөт болот.

Мыйзамды эми парламенттин жогорку палатасы - Сенат бекитиши керек.
XS
SM
MD
LG