Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Эларалык лига кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча Эларалык лига «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун боштондукка чыгарылбай, дагы эле абакта кармалгандыгына кабатырланат. Мындай мазмундагы билдирүүнү аталган лига шаршемби күнү массалык маалымат каражаттарына таратты. Билдирүүдө Феликс Кулов 2000-жылы президенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыялагандан көп өтпөй камакка алынгандыгы айтылган. Ошондой эле Адам укуктары боюнча эларалык лига өз билдирүүсүндө Феликс Кулов саясий туткун экендигин баса белгилеп, кыргыз бийлигин Куловду тез аранын ичинде абактан бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG